Акыркы кабарлар
» Саясат » Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова депутаттарга эмнеге таарынышты?
Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова депутаттарга эмнеге таарынышты?
22-декабрь, 17:54
859 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова кесиптештерине таарынычтарын билдиришти.
Жогорку Кеңештин 22-декабрдагы жыйынында Карамушкина башкы прокуратура Кодуранова экөө өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылдан 12 жылга чейин жоопкерчиликке тартылышын талап кылып жатканын билдирди.
"Силер макулдугуңарды беришиңер үчүн сураганбыз, эч кимиңер сураган жоксуңар. Башында бизди кылмыш болгон жерден эч ким кармаган жок, биз күбө катары болгонбуз. Бүгүн Бакыт Жетигенов менен болгон окуянын баары Карамушкина менен Кодурановадан башталып, ошол кезде эле абсурддун баары башталган. Анүстүнө жоопко тартууга уруксатты мурдагы башкы прокурор Жамшитов берген. Уккула, Жамшитов ыплас иттей качты. Ал республикада жок. Опумбаев кайда? Эмне үчүн Кой-Таш окуясы боюнча камакка алуу жана кылмыш ишин козгоо боюнча көрсөтмө берип, качып кетишти? Жамшитов башпрокурор болуп качып кеткен болсо, менин оюмча, иш токтоосуз жабылышы керек болчу. Анткени ал өзүнүн көрсөтмөсүнө жооп берген эмес. Алардын ордуна бизди суракка алып жатышат. Бул абсурддук иш силерден башталды, урматтуу кесиптештер. Эмне үчүн бизди колдогон жоксуңар?” деп ачууланды депутат.