Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Эң жаман сезим – ыйманыңдын алсырап баратканын сезүү...
Эң жаман сезим – ыйманыңдын алсырап баратканын сезүү...
23-октябрь, 19:21


Ар бир адамдын жашоосунда эки жакшы күн бар: өзүнүн бул жашоого келген күнү жана эмнеге келгенин түшүнгөн күнү.
***
Сени баалабаган адамдар тууралуу ойлонуп, көп кайгыга бата бербе. Чыныгы алтындын баасын зергер гана билет. Ар ким өз деңгээлине жараша түшүнөт, сүйлөйт, сүйөт, сүйүлөт жана жашайт. Ар ким өз деңгээлине жараша иш кылат.
***
Ийгиликтин сыры аз болсо да күн сайын кайталап туруу керек.
***
Сени укпаган чөйрөдө кыйкырып сүйлөгүчө, сени уккан чөйрөдө шыбырап сүйлөгөн жакшы.
***
Эң жаман сезим – ыйманыңдын алсырап баратканын сезүү...
"Азия Ньюс" гезити











