Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ыйлай албай калган кандай азап экенин билесиңерби?

Ыйлай албай калган кандай азап экенин билесиңерби?

01-октябрь, 17:52
684 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көз жаш ичиң өрттөнүп кетпеши үчүн керек.

(Геннадий Москвин)


Күлкү менен көз жаш сенден уруксат сурабайт.

(Константин Мелихан) 


Балдарыңды көп ыйлатпа, анткени, сен өлгөндө көз жашы калбай калат.

(Пифагор)


Маскарапоздун көз жашы король үчүн күлкү.

(Геннадий Москвин)


Эгер өзүңдүн көз жашың жок болсо, көз жаш дарыя болуп агып жатса да көрбөйсүң.

(Антонио Поркья)


Мен эч качан эркектерге ыйлаган эмесмин. Сени ыйлаткандарга көз жашыңды короткондун кереги не?

(Кирстен Данст)


Мен баламдын көз жашы төгүлбөсүн үчүн гана жашоо үчүн күрөшөм.

(Татьяна Егоровна Соловова)


Мүрзө үстүндө эң ачуу жаш айтылбай калган сөз, жасалбай калган иш үчүн төгүлөт.

(Гарриет Бичер-Стоу) 


Күн сайын 23:59да мен өз өмүрүмдөн дагы бир күн кеткенин бир мүнөттүк унчукпоо, көз жаш менен эскерем. 

(Валерий Афонченко)


Согуш эркекке да, аялга да бирдей салык салат. Бирок, ал биринин канын төксө, биринин көз жашын төктүрөт.

(Уильям Мейкпис Теккерей)


Тиги аракеч калтыраган колдору менен эмнени ичип жатканын билеби? Өзүнүн аялынын, балдарынын көз жашын, канын, өмүрүн ичип жатат.

(Робер де Ламеннэ)


Бир деңиз кан төккөнгө караганда, бир тамчы көз жашты кургатканга көбүрөөк эрдик керек.

(Джордж Гордон Байрон)


Эгер дүйнөгө көзүңдү жүлжүйтүп карасаң, көз жашыңды жашыруу оңой болот.

(Станислав Ежи Лец)


Менин төгүлбөгөн көз жаштарым жүрөгүмдө кургап калган болуш керек. Жүрөгүм катуу ооруп жатканы, балким, ошондондур?

(Михаил Шолохов)


Көз жаш аялдар үчүн жеңилдөө болсо, эркектер үчүн кыйноо.

(Джордж Гордон Байрон)


Дүйнөдөгү эң күчтүү суу – бул аялдардын көз жашы. 

(Джон Морли)


О аялдардын көз жашы! Силер баарын жууп кетесиңер: биздин энергиябызда да, биздин каршылыгыбызды да, биздин ачуубузду да.

(Антуан Франсуа Прево)


Көз жашыңды ичке жут – мындан семирип кетпейсиң.

(Янина Ипохорская) 


Жамандыктын биржасында балдардын көз жашы да баалуу.

(Геннадий МОСКВИН)


Эч качан ыйлаба. Ыйлаганда дүйнө кыйшык болуп көрүнөт.

(Дарья Донцова)


Ыйлайын дейм, бирок шылтоо табылбай жатат.

(Фредерик Бегбедер)


Адамдар алсыздыгынан эмес, узак мезгил өтө күчтүү болгону үчүн ыйлашат.

(Джонни Депп)


Сабырдуу, токтоо, акылдуу боло турган кез келет, азырынча ыйлап ал.

(Марта Кетро)


Мага ыйлаган жагат. Жакшылап ыйлап алсаң, таң атып, жаңы күн башталгандай сезилет.

(Рэй Брэдбери)


Эгер күндү көрө албай жаткан болсоң ыйлаба, көз жашыңдын айынан жылдыздарды көрө албай каласың.

(Рабиндранат Тагор)


Кайгы унчукпоо, анан көз жаш менен кетет.

(Марта Кетро)


Көз жаш түгөнгөн кезде... азап, кайгы башталат.

(Катя Цойлик)


Бактылуу кезде ыйласаң деле боло берет, мага ишенип кой.

(“Наруто” мультфильминен)


Жашыруун ыйлаган адамдын кайгысы – чыныгы кайгы.

(Джордж Гордон Байрон)


Эч ким жокто ыйлаш керек. Ошондо гана ыйдан ырахат аласың.

(Януш Леон Вишневский)


Жашоо ага жылмайды: бирок, кээ бир жылмаюу көз жаштан да жаман болот.

(Иван Сергеевич Тургенев)


Аялдар кызык эле, кубанса да ыйлайт, кайгырса да ыйлат. Кубаныч менен кайгы жок болсо да ыйлашат.

(О.Генри)


Албетте, сеники туура болушу мүмкүн, бирок аялың ыйлап атса, сенин сөзүңдүн тууралыгынан эмне пайда?

(Кирилл Табишев)


Ыйлай албай калган кандай азап экенин билесиңерби?

(Януш Леон Вишневский)


Мамат Сабыров

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер