Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аял эркекти күлкүсү менен өзүнө каратып, көз жашы менен кармап калгысы келет

Аял эркекти күлкүсү менен өзүнө каратып, көз жашы менен кармап калгысы келет

31-август, 15:22
893 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тирүү жандыктардын арасынын адам гана күлө алат.

(Аристотель)


Күлкү – бул күн: ал адамдын жүзүндөгү кышты кууп кетирет.

(Виктор Гюго)


Күлкү менен жүрөгүңдөгү жаратты жашыра албайсың.

(Марина Цветаева)


Күлкү турмуштун көз жашындагы кызгылтым көбүк.

(Василий Шукшин)


Күлкүсүз өткөн күн – бекер өткөн күн.

(Николя де Шамфор)


Кээде күлкүдөн да жүрөк ооруйт, шаттыктын аягы кайгы менен бүтөт.

(Сулайман падыша)


Көп күлгөн жана каткырып күлгөн келесоолуктун, тарбиясыздыктын белгиси.

(Филип Дормер Стенхоп Честерфилд)


Менин кайгым кимдир бирөөнү күлдүрүшү мүмкүн, бирок менин күлкүм эч кимди кайгыга салбашы керек.

(Чарльз Спенсер Чаплин)


Күлкү менен пейилди оңдосо болот.

(Оноре де Бальзак)


Күлкү менен көз жаш уруксат сурабай келет.

(Константин Мелихан)


Маскарапоздор күлүп ыйлаганды билиши керек.

(Аркадий Давидович)


Күчтүү адам гана күнөөсүн моюнга ала алат. Күчтүү адам гана жөнөкөй боло алат, күчтүү адам гана кечире алат... Күчтүү адам гана күлө алат, анын күлкүсү көбүнчө көз жаштан турат.

(Александр Герцен)


Жамандыкты күлкү менен гана жеңүүгө болот.

(Александр Довженко)


Доордун трагизми анын күлкүсүнөн билинет.

(Станислав Ежи Лец)


Күлкү баарын айыктырбайт – күлө алган бейтаптарды гана айыктырат.

(Геннадий Москвин)


Акылдуу кишинин күлкүсү көрүнөт, бирок угулбайт.

(Пьер Буаст)


Күлкү менен кайгы, жолугушу менен коштошуу – биздин жашообуз ушулардан турат.

(Джером Клапка Джером) 


Күлкүнүн бөлмөсү дайыма акылдын палатасына караганда кененирээк болот.

(Геннадий Москвин)


Адамды сүйгөнгө үйрөтө албаган сыяктуу күлгөнгө да үйрөтө албайсың.

(Алексей Толстой)


Обу жок күлкүдөн өткөн келесоолук жок.

(Катулл)


Аял эркекти күлкүсү менен өзүнө каратып, көз жашы менен кармап калгысы келет.

(Константин Семёнович Мелихан)


Күлкү өлүмдөн сактоочу эң мыкты дары.

(Шол МакЛохлин) 


Жакшы күлкү – үйгө тийген күндүн жарыгы.

(Уильям Мейкпис Теккерей) 


Эгер күлкү өмүрдү узартары чын болсо, мен дегеле өлбөйм го дейм.

(Хайден Панеттьери)


Күлкү жакшы нерсе, бирок чындык андан да жакшыраак.

(Уильям Теккерей)


Эң көп азап тарткан кишилер эң көп күлүшөт.

(Евгений Петросян)


Күлгөн кыз – жарым-жартылай багынган кыз.

(Джон Рэй)


Адам же күлөт, же ыйлайт. Күлөсүңбү же ыйлайсыңбы – бул сенин өзүңө байланыштуу.

(Энди Уорхол)


Адам күлүп турганда өлүм жолобойт.

(Мария Семенова)


Күлкү бар үйгө бакыт келет.

(Япон накылы)


Мен күлүп атам – демек, ыйлап атам.

(Виктор Гюго)


Эгер күлгөндү билсең, азыркы турмуштан көп күлкүлүү нерселерди тапса болот.

(Эрих Мария Ремарк)


Сенин азилиң чындыкка канчалык жакын болсо, ошончолук күлкүлүү болот.

(Гарик Харламов)


Күлкү менен кайгы дайыма жанаша жүрөт.

(Джон Леннон)


Эч качан күлбөгөн кишиден, анан тынбай күлгөн кишиден этият болуш керек.

(Алекс Ведов)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер