Лавр жалбырагы стрессте, чарчаганда жана уйку жокто жардам берет


Ар бир үйдүн өзүнүн жыты, ароматы болот. Кимдир бирөөнүкү атыр менен кофе жыттанса, дагы бириники жаңы жасалган тамак, ысык сүт жыттанат. Ошентсе да бул үйдө өзүңдү жайлуу сезесиң, себеби, бул аба тазалачу жасалма жыттар эмес. Балким, бул үйдүн ээлери байыркы гректер менен римдиктер билген ыкманы билишет. Алар лавр жалбырагын тамакка гана эмес, үйдү жагымсыз жыттан тазалоодо жана нымдын жытын кетирүүдө колдонушкан. Ал үчүн лавр жалбырагын күйгүзүп, түтөтүп коюшкан...
Айтмакчы, эгер бат-бат бул процедураны кылып турса, жыттардан эле арылбастан, кээ бир оорулардын алдын алып, табыңызды дагы жакшыртат. Лавр жалбырагынын жыты организмди сооротуучу жана ооруну басуучу каражат катары далилденген.
Лавр жалбырагы эпилепсия пристубунун алдын алат, стрессте, чарчаганда, уйку жокто жардам берет. Бул анын курамында цинеол жана атайын эфир майлары бардыгы менен түшүндүрүлөт. Бул заттар дем алуу жолдорун тазалап, организмдин бошоңдошуна шарт түзөт.
"Азия Ньюс" гезити











