Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көздөрүңө ишенбе. Алар тоскоолдуктарды гана көрүшөт...

Көздөрүңө ишенбе. Алар тоскоолдуктарды гана көрүшөт...

27-декабрь, 16:25
1 647 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кайраттуулук ийгиликке жеткирет, ийгилик болсо адамды кайраттуу кылат.

(Жан Коллен)


Ийгилик майда адамдарды да бийик кылып ийет.

(Плутарх)


Өмүрүңдү сенден кийин кала турган нерсеге жумша.

(Форбс)


Же сен өз күнүңдү башкарасың, же күнүң сени башкарат.

(Джим Рон, оратор)


Чабал кишилер башкалардан кем болбоого аракет кылышса, күчтүү кишилер баарынан мыкты болууга аракет жасашат.

(Борис Акунин)


Кээ бир нерселер көңүлүңө толот, бирок сен жүрөгүңө толгон нерселерге назар сал.

(Байыркы Индия макалы)


Ийгиликтин шатысына чыгардан мурда ал сага керектүү имаратка коюлганбы, ошого көңүл бур.

(Стивен Кови)


Же жакшы бирдеме жаз, же бирөөлөр ал тууралуу жаза турган жакшы бир иш жаса.

(Бенджамин Франклин)


Эгер бүт дүйнө сага каршы тургандай сезилсе, самолет шамалдын багыты боюнча эмес, шамалга каршы учарын эсте.

(Генри Форд)


Эң күчтүү киши эмес, өзгөрүүлөргө чыдаган, ылайыкташа билген киши жеңип чыгат.

(Чарльз Дарвин)


Кырсык жалгыз келбейт, ийгилик деле ошондой.

(Ромен Роллан)


Эсиңерде болсун, ийгиликке жетпей калуу да кээде эң чоң ийгилик.

(Далай Лама)


Эч качан “мен баарын билем” деп ойлобо. Башкалар сени канчалык баалашса да ичиңен “мен түркөймүн” де.

(Иван Павлов, окумуштуу-физиолог)


Үч учурда адамга акыл бат кирет: 7 жашка чейин, тренингдерде, анан турмуш кыстаганда.

(Стивен Кови)


Эригип өлгөнгө караганда, кумарланып өлгөн жакшы.

(Винсент Ван Гог)


Баланын баары сүрөтчү. Бирок, чоңойгон соң алардын баары эле сүрөтчү бойдон калбайт.

(Пабло Пикассо)


Дарак отургузганга эң жакшы мезгил мындан 20 жыл мурда болчу. Эмки ыңгайлуу учур – бүгүн.

(Кытай макалы)


Мен кырдаалдын курмандыгы эмесмин, мен өз чечимдеримдин натыйжасымын.

(Стивен Кови)


Эгер көөдөндөн чыккан бир үн “сен сүрөт тарта албайсың” десе, ого бетер көшөрүп тарта бер. Ошондо жанагы үн унчукпай калат.

(Винсент Ван Гог)


Менден “баардык иштерди он беш мүнөттө кантип башкарып үлгүрөсүң?” деп сурашат. Мен айтам: “эң жөнөкөй. Бир да секундду бөөдө кетирбей пайдаланам”.

(Ричард Брэнсон, британиялык ишкер, Virgin корпорациясынын негиздөөчүсү)


Шамал жок болсо, калакты колуңа ал.

(Латын макалы)


Эгер сага ракетадан орун сунушташса, “ал эмне орун? Кандай орун?” деп сурап отурба, дароо отур.

(Шерил Сэндберг, Facebookтун операциялык директору)


Ар бир нерсенин өз сулуулугу бар, бирок аны баары эле көрө алышпайт.

(Конфуций)


“Билбейм” деп айтканга үйрөнгүлө. Ушунун өзү прогресс.

(Моисей Маймонид)


Кичинекей бала “караңгыдан корком” десе тилдебе. Ал эчтеке эмес. Чоң киши жарыктан корккону жаман.

(Платон)


Көздөрүңө ишенбе. Алар тоскоолдуктарды гана көрүшөт.

(Ричард Бах)


Эч качан өзүңдү аяба, башкалар да сени аёосуна жол бербе.

(Андрей Курпатов)


Эгер сен жалгыз болсоң, бул “сен жиндисиң” дегенди билдирбейт. 

(Стивен Кинг)


Сени жеп салышкан күндө деле сенде эки жол бар.

(Николай Фоменко)


Мамат Сабыров

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер