Жалгыз калуунун кандай жакшы жактары бар?
Айрым адамдар жалгыз болууну абдан эле коркунучтуу көрүшөт. Бирок адистер жалгыз болуу – адамдар үчүн төмөнкү себептер пайдалуу экендигин эскертет.
1. Энергия топтоп алууга сонун мүмкүнчүлүк
Биз айланабыздагы адамдарды бактылуу кылууга тырыша берет экенбиз. Алардын сезимдери менен болуп, аларды күлдүрүүгө аракет кылган сыяктуу. Булардын баардыгы көптөгөн энергияны талап кылат. Ал эми жалгыз калып, өз алдыңызча ойлонуп, бир топ энергияга ээ боло аласыз.
2. Ойлонууга убакыт болот
Ансыз да убакыт зымырап учуп жаткан учур. Жалгыз калып, оюңузду топтоп, “мен кандай багытта бара жатам?” деп анализдегенге мүмкүнчүлүгүңүз болот.
3. Сиз өзүңүздү көз карандысыз адам катары сезе аласыз
Сиз жалгыз болуу аркылуу көз карандысыздык сезимин сезе аласыз. Бул – сизди дайыма башкалар тынчсыздандырган сезимдерден оолак болосуз (!) дегенди түшүндүрөт.
4. Өз алдынча болууну үйрөнөсүз
Биз бир маселени чечүүдө ар дайым курбуларыбыздан, жакын туугандардан жана коллегабыздан кеңеш сурап кайрылабыз. Албетте, айрым нерселер бар, аларды уга билүүгө милдеттүүбүз. А бирок сиз өзүңүзгө канчалык ишенимдүү болсоңуз, өз алдынча чечим да чыгара аласыз.
"Азия Ньюс" гезити