Иммунитетти көтөрүүгө сонун кеңештер!
Иммунитеттин төмөндөп кетишинен улам ар түрдүү оорулардын келип чыгышы баарыбызга маалым. Ден соолугуңузга кам көрүп, иммунитетти көтөрүү үчүн төмөндөгү маалыматтарга көз чаптырыңыз.
-- жаңгактын кургатылып, майдаланган 2 аш кашык жалбырагын термоско салып, үстүнө 0,5 литр суу куюу керек. Дары чайды түнү менен термосто калтырып, эртеси 50 граммдан төрт маал ичүү талапка ылайык.
-- түрптүн (редька) жана сабиздин ширесин теңме-тең алып, ага 1 аш кашык бал жана 1 аш кашык лимон ширесин кошобуз. Эртең менен жана кечинде 1 аш кашыктан ичүү керектелет.
-- алоэнин жалбырагынан 500 грамм алып, аны эт туурагычтан өткөрөбүз. Алынган массага 500 грамм кумшекер, 1,5 стакан кагор (шарап) кошобуз. Тамак ичерден мурун 1 аш кашыктан ичүү сунуш кылынат.
-- 500 грамм майдаланган жаңгакка 300 грамм бал, 100 грамм алоэнин жана 4 лимондун ширеси кошулат. Аралашма 1 сутка тыныктырылат. Тамак ичерден 30 мүнөт мурун 1 аш кашыктан ичүү сунушталат.
-- күн сайын же болбосо эки күндө бир сарымсактын бир тишин жеп туруу керек.
-- итмурунду сууга салып, кайнатып алган соң ага кант же бал кошуп ичүү иммунитетти көтөрөт.
"Азия Ньюс" гезити