Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн башканы эмес, сизди сүйүп калат?

Эмне үчүн башканы эмес, сизди сүйүп калат?

08-ноябрь, 17:41
866 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эмне үчүн адамдар бири-бирин сүйүп калат? Эмне үчүн башканы эмес, сизди сүйүп калат? Же болбосо, тескерсинче, тигил же бул адам бизге эмнеси менен жагып калды? “Барометр кж” буга жооп издеген.

Гормоналдык жактыруу

Бул адамды сүйүп калууга түртө турган эң биринчи себеп. Адамдагы баардык процесстер гормондорго байланыштуу экени белгилүү. Гормондор туура келе турган адамды көргөндө, ал башкача иштелип чыгат жана жашоо жомоктогудай болуп калчудай ал адамга умтулуу башталат.

Дүйнөтаанымы окшошкондо

Эки адам үчүн сүйүүнү пайда кыла турган маанилүү бөлүк – бул дүйнөтаанымдын, көз караштардын бирдей болушу. Мисалы, сиз менен бир адам сүйлөшүп жатат дейли. Сүйүп калайын деген ою да, планы да жок. Бирок сиздин кызыкчылыктарыңыз менен көз караштарыңыз тууралуу билет. Анан аны менен көз караштарыңыз абдан окшош экенин түшүнөт. Мындай жол менен адам сизди көп массанын арасынан бөлүп карай баштайт. Сизге көбүрөөк кызыгат. Ошентип билинбей сүйүп калат.

Көп убакыт чогуу жүргөндө, тааныш болгондо

Сүйүп калууга кеңири тараган себептердин бири – бул бир адам менен көп учурда чогуу жүрүү, достошуу, бирге пикирлеш болуу дагы сезимдерди пайда кылат. Буга балким ондогон жыл болсо дагы акыры сүйүү сезими пайда болот.

Айрыкча аял эркектин достугу көпкө узабай, сүйүүгө өтөт. Адам карама-каршы жыныстагы адам менен көпкө чейин дос болсо, чогуу иштешсе жана ал учурда анын айланасында андан башка ылайыктуу жакын адам болбосо, өзү жалгыз бой болсо, ошол адам ага көбүрөөк жагымдуу көрүнө баштайт жана жактыруу сезимдери келип чыгат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер