Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Цивилизация уйкуну алып кетти, а биз аны кайра таба алабыз

Цивилизация уйкуну алып кетти, а биз аны кайра таба алабыз

29-май, 22:41
711 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Илгери Грецияда түш келгенде көчөлөр тынчып калчу. Адамдар терезени жаап, жарыкты өчүрүп, бир азга жата калышчу. Бул жалкоолук эмес эле. Кадимки жашоо болчу. Сиеста – жай гана эс алуу эмес, денеге болгон урмат. Бирок кийин жашоо ылдамдады. Офистер, дедлайндар, кофе уйкуну алмаштырып койду. Сиеста жоголду.

Илимпоздор миңдеген грек жарандарын изилдешти. Жыйынтыгы таңгалдырды: түштө уктаганды токтоткон эркектер жүрөк оорусунан 37% көп каза болушкан, жөн гана эс алууну жок кылганы үчүн.

Бирок бул пост Греция жөнүндө эмес, же болбосо статистикага да байланыштуу эмес. Болгону сен жөнүндө. Балким, сен түштө жаталбайсың. Түндө да уктабайсың. Эртең менен ойгонуп эле чарчап турасың, ал эми чай да жардам бербей калган. Бирок сен колуңдан келгенди жасай аласың:

-- түндө телефондон баш тартып, жөн гана жатып көр;

-- жарыкты өчүр. Бөлмөңдү тынчтыкка толтур;

-- ар дайым күчтүү болууга аракет кылбай, жөн гана өзүңө мүмкүнчүлүк бер;

-- идеалдуу эмес болсо датуруктуу уйкуну танда.

Уйку алсыздык эмес, бул тирүү калуунун жолу. Сен эс алууга, терең уйкуга, өзүңө кайтууга татыктуусуң. Жашоо шашат, бирок сен токтой аласың.

Баарын өзгөртүү шарт эмес. Жөн гана 15 мүнөттөн башта. Өзүң үчүн. Денең угат. Ден соолугуң жооп берет.  


Эрмек Исмаилов

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер