Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адамды эмгек менен эрдик гана баатырлыкка жеткирет

Адамды эмгек менен эрдик гана баатырлыкка жеткирет

27-май, 22:49
523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен 2025-жылдын 24-апрелинде (бейшемби түнү) түш көрүп, түшүмдө бир элечек кийген аялдын элесин көрдүм. Ал аял мени тилдеп жаткандай туюлду. “Сен билесиңби? Согушта өлгөндөрдүн баары эле баатырлар, баатырлар!” деп мага бакырды. Анан анын элеси тез эле жоголуп, ойгонуп кеттим. Мени ошол сөздөр аябай ойго салды, бирок кайра уктап кетиптирмин, эртеси түшүмдү араң эстедим. 

“Ал аял менин апам го” деп да ойлодум, себеби атам согуштан келген эмес. 1943-жылы “согушта курман болду” деген кара кагаз келген. Бирок ал кагазды өмүрүмдө көргөн эмес элем. Ал мезгил өтө кыйын убак болгон. Жалаң жесир калган жубайлар, жетим калган уландар, баласыз калган энелер, күйөөсүз калган жеңелер. Мага окшогон энелүү жетим – эрке жетимдер көп санда, аталуу жетим – арсыз жетимдер аз санда болгон мезгил эле. 

Мага түш да бир кызык күндө кириптир – жуманын төртүнчү түнү – бейшемби, жылдын төртүнчү айы – апрель, айдын да 24-числосунда болуп жатпайбы. Бул сандар жакшы сандар... “Дүйнөнүн төрт тарабы тең кыбыла” дегендей, төрт тарабы тең бирдей мааниге ээ. Ошондой түндө кирген түш да бекеринен эмес го? Элибизде улуу сөз бар, “түш оңолмоюнча иш оңолбойт” деген. Чындыгында согушта курман болгондордун баардыгын эле баатыр десек болот, алар өмүрүн согуштун Улуу Жеңишине, биздин бактыбызга, келечегибизге арнашты да. Менин атам да баатырларча каза болгондур. Ал кишинин баатырдыгын тагдыр мага буюруп койсо керек. Ошол түш көргөн күндөн баштап баатыр жөнүндөгү ойлор мага тынчтык бербей кыйнап келе жатат. Анүстүнө Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу мени “баатыр жөнүндөгү оюңду жаз” деп түрткү бергендей сезимдемин. 9-май – Улуу Жеңиш күнүнө түздөн-түз тийешем бар окшойт...

Чындыгында эле кишилер мени көргөндө “жетим келатат” деп сүйлөшүп калышканы эсимде. Дагы бир эсимде калган окуя – бир байыраак тууганыбыз мени апамдан сурап, “балаңды мага бер, менин малымды карасын, коюмду кайтарсын (6-класста окуп жүргөм), акысына бир козулуу кой берем” деген. Апам мени бербей койгон, “балам жакшы окуп жатат, окуусун бүтүрсүн” деп. Кийин ошол тууганыбыз менен такыр катташпай койдук. Мыкты окуганым үчүн орто мектепти бүткөнчө мен үч жолу сыйлык алдым: 4-класста үч кир самын (чачым, кийимим биттеп кеткен үчүн, биттерди жууп кетирсин деп), 7-класста үч метр ак боз кездеме (жыртык эмес, бүтүн ыштан кийүү үчүн), 10-класста үч китеп менен сыйлангам (жакшы окуп жүрсүн деп). Мединститутта окуп жүргөндө мамлекеттик стипендия алып (4-курстан баштап) окудум. Андай степендия 6-курста ыйгарылчу. Ал стипендиянын көлөмү айына 72 рубль болчу. Ошол убактагы врачтын айлыгы 60 гана рубль эле.

Бул жерде мен айтайын дегеним, түшүмө киргендей, баатырлык касиеттер жөнүндө. “Баатыр деген эмне? Алар кимдер? Кантип баатырлыкка жетишет?” деген түшүнүктөр менин оюмдан кетпей койду. 

Баарыбызга белгилүү болгондой, кыргыз эли байыртадан бери эле эрдиги, тайманбастыгы, кайраттуулугу, жалтанбастыгы менен Айкөл Манасты, каухар эпосту, терең тарыхты, кенен келечекти, белен бакубаттыкты жаратып жашап келе жатат. Кыргыз элимдин тарыхы баатырдык окуялар менен коштолгон, бекем мүнөздө топтолгон, кыраан жигиттердин күчү менен октолгон, кыргызымдын душманы күрөш талаасында соттолгон, ошондой окуялар турмушубузда көп болгон. Баатырлар жоокерлик доордун шартына жараша эрдик менен эл багып, атак-даңкка ээлик кылып, элибизге бел болуп келген. Баатырлар тынч турмушта да бекер жата албайт, жөн эле жүрө албайт. Алардын колунда ар дайым найза, кылыч, белинде беш атары бар. Мындай касиет адамдын руханий байлыгы, эркиндиги менен тыгыз байланышта деп айтар элем.   

Аң-сезимдин эркиндиги, руханий байлыктын тазалыгы, чечкиндүүлүк жана чыныгы эрктүүлүк баатырлык сезимди жаратат. Адамдын руханий өнүгүүсү эркиндикти сезе билгенине жараша болот. Баатырлык менен эркиндик тыгыз байланышта экенин дагы бир жолу белгилеп кетели. Эркиндиктин жана баатырлыктын жолу оор, тикенектүү, азаптуу, жоопкерчиликтүү, ал эле эмес, трагедиялуу да болуп калышы ыктымал. Кээ бир убактарда кандайдыр бир шарт же ыңгай жаралып, күтүүсүз жерден бүт күчүңдү бир заматта топтоп, аргасыздан, ойлонбой туруп эрдикке баруу керек болушу мүмкүн. Мындай көрүнүштөр жаштар, чоңдор арасында көп эле кездешип келет. Андыктан, алардын аракеттеги күйүп-жануулары максаттуу, бир калыпта, ар дайым туруктуу. Мындай нерселер баатырлыктын белгиси да.

Чыныгы баатырлыктын өзгөчөлүктөрү – бул анын жогорку деңгээлдеги баалуулуктар менен байланышы бар экендиги, ар кандай жакшылыктар үчүн өзүн өзү курмандыкка чалуу, руханий тазалык үчүн аракеттенүүсү, ошол эле учурда жогорку деңгээлдеги энергетикасы бар экенин түшүнсөк болот. Ошондуктан эрдикке өзүн өзү багыштоо – бул жашоонун эң жогорку көрсөткүчү. 

Акыркы мезгилдерде, улам барган сайын коомчулукта көптөгөн баатырлык сапаттар адамдардын арасынан көбөйүп, бул маселенин актуалдуулугу барган сайын күчөп баратат. Ошондуктан баатырдын жүрөгүндөгү отторунун ичинен өзүн өзү курмандыкка чалуунун жалыны абдан күчтүү экенин айткым келет. Дал ошол жалын калкан сыяктуу душмандын алдын тосуп, тайманбастан даңазалуу жол таштоо дегенди билгизет. Өзүн өзү курмандыкка чалуу кээде билинбегени менен “Ковид-19” пандемия учурунда даана көрүнүп калды. Ушуга байланыштуу мисалдар турмушубузда толтура го. Канчалаган медиктерибиз өз өмүрлөрүн аяшпай, пандемия күндөрүндө баатырларча курман болушту! 

Баатырдын өзүнүн өмүрүн башка бирөөнүн өмүрүнө арноо сезими, аракети, энергиясы жогорку деңгээлде турат. Бул табияттын, Жараткандын энергетикасын алып жүргөндөй, аны менен ар дайым байланышы бардай, кошо жүргөндөй, башка адамдын жандүйнөсүн дүүлүктүргөндөй касиетке ээ. Чыгармачылыкка, искусствого, дарыгерликке берилген баатыр өзүнүн үлгүсү менен адамдарды эрчитет, бийиктикке сүйрөйт, шердентет, ошондой эле аларды жогорку дүйнөдөгү баалуулуктар менен байланыштырат.

Баатырдык сезим өзү менен кошо аң-сезимдин бийиктигин, рухтун тазалыгын башкаларга сунуштайт. Ар бир адам тайманбас сезимдерди ала жүрөт, алар менен кошо жашайт. Андай адамдын руху таза. Жүрөк менен мээнин дарыгери жалпы элдин жана башка врачтардын деңгээлинен жогорураак, Кудайымдын деңгээлинен төмөнүрөөк турушат. Ошондуктан мен баатыр менен дарыгерди “демчи” деп эсептейм. Ал демчи – элимден Кудайыма элчи, Кудайымдан элиме элчи. Аны биз туура кабылдашыбыз керек. Ошондуктан элчи менен демчиге душмандын муштуму серпилбей, тили чоркок, бычагы мокок! 

Баатырдык деңгээл – бул космикалык, рухий-нравалык өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири катары эсептелинет. Кээ бир маалыматтарга кайрылсак, ал өзүнчө бир аракет катары эле эмес, адам рухунун кандайдыр бир жогорку деңгээлдеги абалы катары түшүнөбүз. Ошондуктан, анын өзөгүндө адам менен космостун биримдиги камтылган. Бул жерде баатырды космос күчтөрүнүн кызматкерине айланткан кандайдыр бир сыйкырдуу нерсе бар...

“Манаста” айтылгандай, эр семирип бук тартып, ат семирип нык болуп, тулпарлар кыймылсыз туралбай, эр жигиттер өз күчтөрүн керек жакка бура албай, ордо атышып чер жазалбай, ууга чыгып канааттанбай, ит агытып, куш салышпай, кылаарга иши жок, урунаарга киши жок болгондой, эрдигин кайда жумшарын биле албай, зериккен учурларды жактырбай, тынч турмушка алымсынбай, согуш учурун жактыргандай, баатыр сезимин өзүнө батыргандай аракетте жүрүшкөн. Кыргыз элим өзүнүн уул-кыздарын жаштайынан эрдикке, тайманбастыкка, Ата журт үчүн жанын саюуга тарбиялаган, эр жүрөктүккө, чыдамкайлыкка чакырган. Кыргызымдын эр жигиттери:

Урунаарга тоо таппай

Урушаарга жоо таппай

Кесээрге баш таппай

Тиштээрге таш таппай

Сайышаарга эр таппай

Ашаарына бел таппай

Учаарына жел таппай

Агызаарга сел таппай турган мезгилдерин башынан көп өткөрүшкөн.

Баатыр адам кандай болуш керек? Тоскоолдукту билбеген, жоодон жалтанбаган, душмандар үчүн сүрдүү, улуу күчтүн элесин чагылдырып турган адамды баатыр десек болот. Жер жайнаган душманга жеке кирип кол салган учурлар кыргыз жоокери үчүн адаттагы көрүнүш эмеспи. Андай адам ошон үчүн даңазалуу!

Эпосто элдик баатырларды кыргыздын кас душмандары да жогору баалашкан. Тагыраак айтканда, калмактардын белгилүү өкүлү Коңурбайдын атасы Алооке Манасты арстанга салыштырган. Анын айтуусу боюнча Манаска төмөнкүдөй баа берген: “Манаска ок өтпөйт, отто күйбөйт, сууда чөкпөйт”. “Манас баатыр жеңилбес, өз жерин кемитпес, өз элин кейитпес” деген. Ошондуктан “Манас кийди ок өтпөстү, Манас минди ок жетпести” деп бекеринен айтылбаса керек. Баатырлык мүнөздүн аркасында гана кыргыз элим өзүнүн элдигин, эрдигин кылымдан кылымга сактап келди. 

Кыргыз элим илгери жөнөкөй эле эл болгон. Ошол жөнөкөй эл өзүнүн татаал турмушунда, терең тарыхында, кыйын кыргындарда, өзүнүн баласын – Манасты баатыр кылды. Ошол Айкөл Манас үзүлгөндү улады. Бекеринен “кыргыз элим – баатыр эл” деп айтылбайт. Калкыбыз жөнөкөй уулдарын даңазалап, көтөрүп жатат. Ошондуктан, күрөш менен түптөлгөн, жеңиш менен шыкталган, эрдик менен макталган кыргыз баатырларынын милдети – өз эли-жерин коргоо, ар дайым “эл четинде, жоо бетинде” болуу ыйык милдет экенин унутушпайт. Баатырлар нагыз күчтүү, сөзү да демдүү келет эмеспи.

Улуу Жеңиштин 80 жылдык улуу мааракеси 2025-жылдын 9-майында майрамдалды. 1-май болсо бүткүл дүйнөлүк эмгекчилердин майрамы катары эзелтен бери салтанаттуу түрдө белгиленип келе жатат. Ошондуктан адамды эмгек менен эрдик гана баатырлыкка жеткирет. “Эмгек кылган эл өлбөйт, элинен чыккан эр өлбөйт” дегендей...

Эмгекчил адам такай иштейт,

Баатыр адам талбай иштейт.

Эмгекчил адам чын көңүл менен иштейт,

Баатыр адам күч-кубат менен иштейт.

Эмгекчил адам сүйүп иштейт,

Баатыр адам күйүп иштейт.

Эмгекчил адам чарчабай иштейт,

Баатыр адам талыкпай иштейт.

Эмгекчил адам үзүрлүү иштейт,

Баатыр адам күжүрлүү иштейт.

Эмгекчил адам жагымдуу иштейт, 

Баатыр адам салымдуу иштейт.

Эмгекчил адам иштегенде чарчайт,

Баатыр адам иштегенде эс алат.

Эмгекчил адам эс алганда күчтөнөт,

Баатыр адам эс алганда чарчайт.

Эмгекчил адам ар дайым иш алдында,

Баатыр адам “эл четинде, жоо бетинде”!


Миталип Мамытов, академик, Кыргыз Эл Баатыры   

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер