Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » “20 мүнөт” эрежеси. Өзгөрүүнү каалайсызбы?
“20 мүнөт” эрежеси. Өзгөрүүнү каалайсызбы?
23-август, 01:29


Кимде-ким күнүнө 20 мүнөт спорт менен машыкса, өз ден соолугуна кыжалат болбосун.
Кимде-ким күнүнө 20 мүнөт убактысын үй жыйноого коротсо, ал тартипсиздиктен кутулат.
Кимде-ким күнүнө 20 мүнөт акылын жыйып, бир аз ойлонуп (пикир жүргүзүп) койсо, ал эч качан чыгармачылык кризиске кабылбайт.
Кимде-ким күнүнө 20 мүнөт кошумча каражат табуу үчүн өнөр менен алектенсе, ага жакырлык жолобойт.
Кимде-ким күнүнө 20 мүнөт бала-чакасы менен алек болуп турса, ич ара мамилелерден кабатыр болбосун.
Кимде-ким күнүнө 20 эле мүнөт убактысын эс алууга арнаса, ал чарчаганды билбейт.
Кимде-ким күнүнө 20 мүнөт убактысын китеп окуганга жумшаса, “кантип адис болом?” деп ойлонбосо деле болот.
"Азия Ньюс" гезити











