Далай Ламадан кызыктуу кеңештер
Улуу Далай Лама айткан: “Бүгүн менин жолум болду – мен ойгондум. Мен тирүүмүн, менин барктуу, адамдык жашоом бар, аны жөн эле керексиз нерсеге коротпойм”.
1. Билесизби, ыйык сүйүү менен улуу жетишкендиктин артында чоң тобокелдик турат.
2. Жеңилип жатып, сиз чогулткан тажрыйбаңызды жоготпойсуз.
3. Бул үч эрежени аркала:
-- өзүңдү сыйла;
-- башкаларды сыйла;
-- кылган ишиңе жооп берүүдөн качпа.
4. Эсиңизде болсун, сиз каалаган нерсе – сөзсүз сизге керек эмес.
5. Эрежелерди туура бузуш үчүн аларды жатка билиңиз.
6. Кичинекей талаш менен чоң достукту бузуп албаңыз.
7. Эгер жаңылышсаңыз, батыраак аны оңдогонго шашыңыз.
8. Кээде жалгыз отуруп өзүңдү угуш керек.
9. Өзүңүздү эркин сезиңиз, бирок чектен чыкпаңыз.
10. Эстеп жүрүңүз, кээде унчукпай коюу – эң жакшы жооп.
11. Карыганда эсте каларлык нерсе болуш үчүн татыктуу жашоону жашаңыз.
12. Сүйүү атмосферасы сиздин жашоонун негизи болуш керек.
13. Талаш-тартышта азыркы кез жөнүндө гана сүйлөңүз, өткөндү эстебеңиз.
14. Өз билимиңиз менен бөлүшүңүз. Бул түбөлүк жашоонун негизи.
15. Жерди аяңыз. Аны сүйүү керек.
16. Жылына бир жолу эзели болбогон жерге барыңыз.
17. Эң жакшы мамиле – бул мамилелеш, ким гана болбосун, сизди эстеп жүргөндө.
18. Кээде бир нерсеге жетиш үчүн андан баш тартыш керек.
"Азия Ньюс" гезити