Сулуу болуунун ыкмалары
Көздүн астындагы шишиктен арылабыз
Бул көрүнүш көпчүлүктүн тынчын алат. Эртең менен күзгүдөн өзүн көргөн кишинин маанайы түшөт. Албетте, түрү чарчаӊкы болуп турган адам кантип өзүн бактылуу сезмек эле? Бул учурда эмне кылуу керек?
Муздаткычка 2 кашыкты коюп 10 мүнөт күтүңүз. Ошол эле учурда бадыраңды кесип көздүн айланасына коюңуз. Ал кандын айлануусун кыймылга келтирип, терини жакшыртат. Он мүнөт өткөндөн кийин муздак кашыктарды көздүн астына басыӊыз. Бул ыкманы 5 ирет кайталасаӊыз, көзүӊүз жаркырап чыга келет.
Бетти кантип агартууга болот?
Кээде күзгүдөн өзүӊүздү чарчаган, жагымсыз көрөсүз. Мындан кантип кутулса болот?
Ашказаныңыз ооруганда, чарчаганыңызда ромашка чайын ичкен пайдалуу. Чай териге ачык түс берет, жандантырат, нымдуулук тартуулайт. Анүчүн чайнекке бир чыны чайды кайнатабыз. Ичине 2 пакет ромашка салып койгондон кийин демделүүсүн күтүңүз. Муздагандан кийин тоник сыяктуу бетиңизге коюңуз. Бир аз күтүп, анан суу менен чайкаӊыз.
"Азия Ньюс" гезити