Алдамчыларды канчалык каргап-шилебейли, алардын тузагына биз өзүбүз түшүп беребиз

Адам чынчыл же калпычы экенин билүүнүн бир жолу бар. Андан “сен чынчылсыңбы?” деп сурагыла. Эгер "ооба" десе, анда алдамчы экен.
(Граучо Маркс)
Тарыхтын дөңгөлөгүн келесоолор менен алдамчылар тегеретишет.
(Джордж Сэвил Галифакс)
Акылдуу жана чынчыл адамдар чогуу аракеттенишсе, келесоолор менен алдамчылар артка чегинишет.
(Шарль Дюкло)
Жүз пиетисттин токсон тогузу алдамчы болсо, бирөө эшек.
(Генрих Гейне)
Эгер аларга эч ким ишенбегенде алдамчылар алдамчы болушмак эмес.
(Евгений Витальевич Антонюк)
Адамдардын баарын чынчыл деп эсептеп, бирок алар менен жашаганда алдамчылар менен жашагандай жашаш керек.
(Джулио Мазарини)
Алдамчыны көрүнөө жерге коюп койсоң, ал чынчыл адамдай жашай баштайт.
(Наполеон I Бонапарт)
Кино – дүйнөдөгү эң кооз алдамчылык.
(Жан-Люк Годар)
Аялыңды алдаган – адепсиздик. Кесиптештериңе, кардарларыңа, сатып алучуларыңа калп айткан – алдамчылык. Ал эми элди алдаган – бул саясат.
(Михаил Задорнов)
Эл алыскы максатка ишенип жашабашы керек. Анткени, алыскы максат дайыма жакынкы алдамчылыкка актануу катары кызмат кылат.
(Фазиль Искандер)
Кеп бир нече экю жөнүндө эмес, бир нече су жөнүндө болсо эле алдамчылык алдамчылык болбой калмак беле? Алдамчылыктын өзү жаман нерсе.
(Мишель де Монтень)
Бирөө “чынчыл адам болбойт, уурдаганга мүмкүнчүлүгү жок адамдар гана болот” деп айткан экен. Ал өзү алдамчы болсо керек, алдамчылар ушинтип айтканды жакшы көрүшөт.
(Френк Уильям Абигнейл)
Биз, алдамчылар мактанганды жакшы көрөбүз. Бирок эсиңде болсун, уулум, эгер киши ачкөз эмес болсо, аны алдаганга болбойт. У.К.Филдс айткандай, чынчыл кишини алдаш кыйын.
(Сидни Шелдон)
Көп жылдык тажрыйбасынан улам Блумквист банктардын баарынын директорлору же атактуу топ-менеджерлердин баары уяты жок алдамчылар экенин билчү.
(Стиг Ларссон)
Паспорттор чынчыл адамдарга жолтоо болуп, алдамчыларга жардам бериш үчүн ойлоп табылган.
(Жюль Верн)
Аристократия – бир ууч каракчылардын кооз аталышы.
(Рошани Чокши)
Жакшы капканга кезек күткөндөр дайыма көп болот.
(Александр Пашинин)
Чыгышта сыйкырчылар, көзү ачыктар көп. Тагыраагы, өзүн “сыйкырчымын”, “көзү ачыкмын” деп атагандар.
(Джордж Мартин)
Алдамчы үчүн эң маанилүү нерсе – эч качан келесоонун деңгээлине түшүп кетпеш керек.
(Холли Блэк)
Алдамчылар өзүн Робин Гуд кылып көрсөтүшөт.
(Сидни Шелдон)
Чоочун бирөөнүн уюн саагысы келген киши уй сатып албай, саанчы жалдайт.
(Вильгельм Швебель)
Ууру жашык, бузуку динчил.
(Орус накылы)
Азыркы заманда алдамчыларга эле жыргал.
(Уильям Шекспир)
Калп айткан тарыхчыларды жасалма акча жасаган кишилердей эле өлүмгө өкүм кылыш керек.
(Мигель де Сервантес)
Алдамчы менен келесоо уруша кетишсе, адамдар адатта алдамчыга жан тартышат.
(Генри Луис Менкен)
Эгер өзү да алдамчы болбосо, эч ким алдамчы менен мамиле кылгысы келбейт.
(Жан Жак Руссо)
Ар бир келесоого бирден алдамчы табылат.
(Непальск)
Алдамчылардын милдети – жер жүзүндөгү ишенимди жок кылуу.
(Константин Балухта)
Алдамчыны байкоо кыйын эмес: ал кыска эле убакта эбегейсиз бакытты ыроолоп салат.
(Георгий Александров)
Адамдарга акылдуу алдамчыларга караганда да чынчыл келесоолордун зыяны көп тийди.
(Джеймс Джордж Фрэзэр)
Алдамчы жеңи жок көйнөк кийип жүрсө да туз дайыма анын жеңинде.
(Юрий Тубольцев)
Алдамчыны кармаш үчүн дагы бир алдамчы керек болот.
(Франклин Рузвельт)
Кичинекей самолеттор менен адатта чоң алдамчылар учушат.
(Константин Армов)
Алдамчыларды канчалык каргап-шилебейли, алардын тузагына биз өзүбүз түшүп беребиз.
(Вадим Синявский)
Алдамчынын девизи: өзүңдү алдасаң, элдин баарын алдай аласың.
(Михаил Палецкий)
Оңой оокат бар жерде сөзсүз алдамчылык болот.
(Влад Чижов)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити