Күндөлүк жазуу бул – стрессти кагазга өткөрүү


Ой-толгоолорду кагазга түшүрүү – терапиянын бир түрү болуп саналат.
Көйгөйлөр, ойлор, эскерүүлөр – булардын баардыгы акыл-эсибизде топтоло берет. Андыктан анын баардыгын кагазга айтып бериңиз, кагаз эч кандай сын-пикир, көз карашын билдирбестен сизди уга билет.
Күндөлүктөрдүн жашообузда кандай таасири бар? Кандай күндөлүктөрүбүз болушу керек?
1. Чыгымдарды жазган күндөлүк. (Дайыма сумкада болуусу үчүн өлчөмү кичирээк болгону жакшы).
2. Максаттарды жазуу үчүн.
3. Күнүмдүк ой-пикирлерди, ийгиликтерди жазуу үчүн күндөлүк.
4. Күнүмдүк эмнелерди аткарасыз, пландарыңызды жазуу үчүн күндөлүк.
5. Адаттарды калыптандыруучу күндөлүк.
6. Максаттар тууралуу күндөлүк. Мисалы, 2021-жылы аткара турчу менин максаттарым тууралуу күндөлүк.
7. Конспект жазуучу дептер.
"Азия Ньюс" гезити











