Бир жылда чачын алты жолудан көп боёгон аял ракка чалдыгабы?



Бир жылда чачын алты жолудан көп боёгон аялдар сүт безинин рагы менен оорушу мүмкүн. Бул тууралуу Princess Grace Hospital Лондон ооруканасынын профессору Кефан Мокбел маалымдады. Дарыгер сүт бези рагына чалдыккан бейтаптардын оорусунун тарыхын өз ара салыштырып изилдеген. Натыйжада, 14% учурда чачын көп боёгон аялдарга ушул диагноз коюла турганы белгилүү болгон.
“Биздин адистер чач боёнун онкологиялык ооруларга алып келерин аныкташты. Жеке өзүм чачын бир жылда алты жолудан көп боёгон аялдарга дарыгерлерге көрүнүп турууга кеңеш берет элем”, - дейт Кефан Мокбел.
Мындан тышкары, мүмкүн болушунча курамында аммиак жок боёгучтарды тандоого кеңеш берет. Ушул убакытка чейин Фламанд Университетинин адистери кантты көп керектеген адамдардын рак оорусуна көп чалдыга тургандарын байкашкан.
Эске салсак, мындай дарт менен шоу-бизнес өкүлдөрү, экранга көп чыккан аялдардын да жабыркоосу кошумча кабарланган...
Aryba.kg











