Жаңы жылдын аяздуу түнүндө күндүн суугу эмес, адамдык жылуулуктун жоктугу жаман
Жүрөгү муздак киши үшүйт.
(Альберт Ванеев)
Суукка тоңуп көрбөгөн киши турмуштун кыйынчылыгын деле көрбөптүр.
(Украин накылы)
Суук катуу болгондо адамдар бири-бирине ысык болуп көрүнө баштайт.
(Михаил Жваневский)
Суук менен ыкшоолук бири-бирине дал келишпеген нерсе. Жылуу жерде ойгонбогон чечкиндүүлүк аяздуу жерде ойгонот.
(Джек Лондон)
Декабрь кары менен көздү сүйүнтүп, бирок суугу менен кулакты кууратат.
(Украин накылы)
Аяз атага ишенбөө – бул балдардын атеизми.
(Ашот Наданян)
Аяз атанын ата-энеси деле уулу чыныгы адам болушун каалашкан.
(Робин Уильямс)
Эгер сен Аяз ата соо жүргөнүн көрсөң, демек, ал Санта-Клаус экен.
(Янина Ипохорская)
Мен анын жылуулугуна ушунчалык көнүп алыптырмын, ал жанымда жок болсо тим эле чыйрыгып кетчүмүн.
(Валерия Сидельникова)
Кыштын суугусуз жаздын жылуулугуна кубана албайсың. Баса, сууктан деле ырахат алсаң болот.
(Олег Рой)
Жаңы жылдын аяздуу түнүндө күндүн суугу эмес, адамдык жылуулуктун жоктугу жаман.
(Аврелий Марков)
Атагы эле болбосо темир-тезек сыйлык менен төшөккө жатсаң үшүйсүң.
(Чак Басс)
Аяздуу кыштын кечинде терезеден күйгөн жарык жандүйнөгө өзгөчө жылуулук тартуулайт.
(Харуки Мураками)
Сен дайыма менден алыста болчусуң. Ортобузда дайыма муздак шамал согуп турчу.
(Эльчин Сафарли)
Суук түшкөн кезде мен дайыма ачык асман алдында жаткандарды эстейм.
(Айрис Мёрдок)
Муздак чай менен муздак күрүчкө чыдаса болот, бирок муздак көз караш менен муздак сөзгө чыдаш кыйын.
(Япон накылы)
Абанын муздактыгынан дем алуу кыйын. Дем албай эле коёюн десем, огобетер кыйналам да.
(Джордж Мартин)
Бу дүйнөдө суук көп. Эгер адамдар ынтымакта жашашса, балким, башкача болот беле?..
(Чарльз Буковски)
Адамдар көп учурда аяздан же сууктан эмес, жүрөктөрдүн муздактыгынан үшүшөт.
(Валентин Рычков)
Адам жалгыз болгондо гана үшүйт. Экөө болсо жалгыздык кетет, аны менен кошо суук да кетет.
(Исуна Хасэкура)
Киши мурда кандай үшүгөнүн жылынганда гана сезет.
(Карен Мейтленд)
Эгер сен үшүп аткан болсоң, демек, али тирүү экенсиң. Өлгөндөр суукту сезишпейт.
(Павел Корнев)
Ичимдик адамды жылытып, бирок өрттөп ийбеши керек.
(Джордж Мартин)
Суук кызык эле нерсе. Үшүмөйүнчө аны эстей албайсың.
(Крис Клив)
Суук жалгыздарды гана үшүтөт, кыш түгөйү барлар үчүн.
(Украин накылы)
Жүрөгүм муңга батып, үшүп турат.
(Чарльз Буковски)
Эгер титирегенди билбегенимде такыр эле тоңуп калсам керек эле.
(Орус накылы)
Өзүң суук бүркүп атып жылуулук күтпөй эле кой.
(Петр Квятковский)
Адам тозоктун эшигинде да ушунчалык үшүйт деп такыр ойлобоптурмун.
(Лиза Олдоак)
Тоодо күн батса эле жай бүтөт.
(Владимир Белиловский)
Келгиле, бүгүн түндө жолдо жүргөндөр үчүн алалы! Алардын тамак-ашы түгөнбөсүн, иттери чарчап-чаалыкпасын, ширеңкелери ным тартпасын!
(Джек Лондон)