Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Антибиотиктерден он эсе күчтүү дарыны кантип даярдайбыз?

Антибиотиктерден он эсе күчтүү дарыны кантип даярдайбыз?

25-декабрь, 20:00
985 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үй шартында 100 пайыз табигый азыктардан турган дарыны даярдайбыз. Ал антибиотиктерден он эсе күчтүү. Бул вирус учурунда оорубай чыгып кетүүңүзгө жардам берет.

Биз ооруган кезде тез айыгуу үчүн антибиотиктерди иче баштайбыз. Ал эми алардын ден соолугубузга тийгизген таасири тууралуу баардыгыбыз эле биле бербейбиз. Антибиотиктердин олуттуу тийгизген терс таасири: 

-- аллергиялык реакциялардын пайда болуусу;

-- боордун иштөөсүнүн бузулушу;

-- бөйрөктүн жетишсиздиги жана диарея.

Ошондуктан антибиотиктерсиз кыштан чыккыңыз келсе, бул табигый дарыны үй шартында даярдап алсаңыз болот. Ал үчүн керектүү азыктар: 1/2 чыны табигый бал, 10 тиш сарымсак, 5 чай кашык алма уксусу.

Даярдоо ыкмасы: сарымсакты тазалап алып, баардык кошулмаларды блендерге салып, болжол менен 2 мүнөт аралаштырыңыз. Даяр болгон аралашманы атайын оозу жабык идишке салып сактаңыз. Күндө эртең менен ачкарын бир чай кашыктан жеп туруңуз. Сасык тумоо менен ооруган учурда колдонулуучу бул дары кан басымды төмөндөтүүгө таасир берет. Мунун натыйжасын эки жума бою колдонгондон кийин байкасаңыз болот.

Эскертүү: бул табигый аралашма болсо да, колдоноор алдында дарыгер менен кеңешиңиз. Себеби, курамындагы азыктарга аллергиялык реакцияңыз болуусу мүмкүн.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер