Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сен аңдын ичинде жатсаң да, өзүңдү бийик кармашың керек

Сен аңдын ичинде жатсаң да, өзүңдү бийик кармашың керек

27-ноябрь, 08:00
664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бийиктикти чындап сүйгөн кишилердин капталына бир күнү канат өсүп чыгат.

(Петр Квятковский)


Альпинисттер айткандай, бийик жерде аба да таза, начальниктер да аз.

(“Бийиктик” тасмасынан)


Бир жолу Хилон Эзоптон “Зевс эмне кылап жатат?” деп сурайт. Анда Эзоп “бийик нерсени паска, пасты бийикке айлантып жатат” деп жооп бериптир.

(Эзоп)


Көтөрүңкү сезим жогорку эмоционалдык чыңалууну талап кылат.

(Петр Квятковский)


Ак адамдар улам жогору чыккылары келишет, бирок чокуга жеткен соң, баштары айлана баштаганын сезишет. Ак адам бийиктикти жерден гана карашы керек. Чокудан ал өзүнүн өлүмүн гана көрөт.

(Люк Босси)


Боорукерликтен өткөн бийик жол жок, бул жолдон жөнөкөй, момун киши гана баса алат.

(Аврелий Августин)


Эң бийик үндөр угулбайт.

(Эрих Мария Ремарк)


Бийиктикти чындап сүйгөн кишилер төмөн кулашпайт.

(Петр Квятковский)


Россияда эми эки кол жеткис бийиктик бар: Эльборус чокусу жана мен.

(Антон Чехов)


Баалары жогору болгон дүкөндө аларман аз болот.

(Жапон накылы)


Бирөөнүн эсебинен өйдө көтөрүлгөндөр бийик эмес, башкаларга кол суна алгандар бийик.

(Джулиана Вильсон)


Бийиктикке умтулгандар көп, бирок бийикте кала алгандар сейрек эле.

(Валентина Захарова)


Адамдар эки себеп менен жогору көтөрүлүшөт: бирөөлөр башкаларды жакшыраак көрүш үчүн, дагы бирөөлөр болсо аны башкалар көрсүн үчүн.

(Ольга Муравьева)


Бийиктиктен кулаган жашоого карата мамилеңди өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.

(Галина Суховерх)


Башкалардан жогору болууну каалагандык, сени дайыма эле бийик кыла бербейт.

(Юлия Томанник)


Учуу абалы сенин туфлиңдин өкчөсүнүн бийиктигинен көз каранды эмес.

(Лилия Римм)


Мухиттин тереңдиги чектелүү, бирок бийиктиги чексиз.

(Михаил Палецкий)


Кеп канчалык бийик көтөрүлгөнүңдө эмес, эмнеге жеткениңде.

(Джулиана Вильсон)


Канаттуу сөздөрдүн баары эле бийик уча бербейт.

(Евгений Москаленко)


Башкаларды кемсинтүү менен сен өзүң бийик боло албайсың.

(Юлия Томанник)


Эгер бийиктикке чыкканда башың айлана баштаса, демек, сен пьедесталда экенсиң.

(Евгений Ханкин)


Сен аңдын ичинде жатсаң да, өзүңдү бийик кармашың керек.

(Юрий Тубольцев)


Ар бир адам бийик учкусу келет, бирок баарынын эле канаты боло бербейт.

(Светлана Краскова)


Бийик учкан адам эмес, ылдый учкан адам көп кулайт.

(Петр Квятковский) 


Сенин канчалык бийикке көтөрүлгөнүң – сени менен Кудайдын аралыгы канчалык экенинен билинет.

(Джулиана Вильсон)


Эгер тереңдигиң болбосо сенде кайдагы бийиктик болсун?

(Карл Густав Юнг)


Кара сөз жазганда биз жерде эле калабыз, ал эми поэзияда болсо чексиз бийиктикке көтөрүлүшүбүз керек.

(Оноре де Бальзак)


Сөз дөңдүн башына жеткирсе, иш тоонун чокусуна алып барат.

(Нарша Булгакбаев)


Акылыңдын канчалык бийик экендигин андан түшкөн көлөкөгө карап бааласаң болот.

(Роберт Браунинг)


Маданияттын бийиктиги аялга карата жасаган мамиледен билинет.

(Максим Горький)


Адам канчалык бактылуу болуп, канчалык бийиктикке көтөрүлбөсүн, ал баары бир башкаларга муктаж.

(Луций Анней Сенека)


Сен чыккан тоонун бийиктиги сен сойлоп чыккан аңдын тереңдиги менен өлчөнөт.

(Сократ)


Мен бийиктиктен коркпойм, бирок бийиктиктен кулагандан корком.

(Джон Карлин)


Бийиктен кулагандан коркуу – аңдан чыкпай жашаганга эң сонун шылтоо.

(Белгисиз автор)


Сенин бийикке чыгышыңа жардам берген жаман сапаттар кийин сенин төмөн кулашыңа да себеп болот.

(Жан де Лабрюйер)


Ылдыйдан көрө албаганды бийиктен көрөсүң.

(Галина Суховерх)


Капталыңда канатың жок болсо, “жарышта лидер болом деген келесоолукка жатат.

(Стас Янковский)


Адам канаты болбогондугуна жана салмагына байланыштуу куштарга салыштырмалуу 72 эсе алсыз.

(Николай Жуковский)


Жогорку абалды ээлеп тургандардын баары эле бийик эмес, төмөн абалды ээлеп тургандардын баары эле пас эмес.

(Чарлз Диккенс)


Кээде тамырлар жогоруну көздөй өсөт.

(Веслав Брудзиньский)


Жердеги ар бир орун асмандан бирдей алыс.

(Роберт Бёртон)


Максатка жакындаганың ага жеттиң дегенди туюндурбайт: бир кадам калганда өтө алгыс терең жарга туш келип калышың мүмкүн.

(Луи Огюст Бланки)


Пьедестал канчалык бийик болгон сайын, кулай турган аралык да ошончолук чоңоё берет.

(Дон-Аминадо)


Кичинекей эле дөңсөө бизге эң бийик тоону көрсөтпөй, тосуп турат.

(Мария фон Эбнер-Эшенбах)


Адам да даракка окшош. Ал канчалык жогоруга, жарыкка умтулган сайын тамыры ошончолук жерге, төмөнгө, караңгылыкка, тереңдикке – жамандыкка сойлоп кете берет.

(Фридрих Ницше)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер