Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мунар БЕЙШЕНОВА: “Күн суук учурда кулак-мурун ооруларынан сактануу зарыл”

Мунар БЕЙШЕНОВА: “Күн суук учурда кулак-мурун ооруларынан сактануу зарыл”

20-декабрь, 16:18
1 734 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда айрым ооруларга капыстан кабылуу коркунучу бар. Бул ооруларга, айрыкча кулак-мурун тамак ооруларын белгилеп айтсак болот. “Эне жана баланы коргоо” улуттук борборунун кулак-мурун ооруларынын дарыгери Мунар БЕЙШЕНОВА менен бул оорулар тууралуу маектештик.

-- Туруксуз аба ырайынан улам, жарандар кулак-мурун дартына чалдыгып, ага көп маани бере бербейт. Азыркы учурдагы аба ырайынан жабыркап, сиздерге дарыланууга түшкөндөр болобу?

-- Ооба, күн сууктаганына байланыштуу кулак-мурун, тамак органдарынын эски оорулары кайрадан кармашы толук мүмкүн. Же болбосо суукта көп убакытта калганда, муздак суу ичкенде, же болбосо сасык тумоодон кийин убагында дарыланбаса, бул органдардын өнөкөт ооруларына чалдыгуу коркунучу бар. Илдет аба өтө ысып, же тескерисинче өтө муздап кеткен учурда күч алат. Мезгил алмашканда иммунитет да алсырай түшөт. Мындай учурда оорунун организмде пайда болуу пайызы жогорулайт. Күн суук боло баштаганда ымыркайлардын мурду агып баштайт. Бул учурда дароо дары берип, убагында сакайтып алуу керек.

-- Сиз кандай дарттарды дарылайсыз?

-- Биздин бөлүмдө жаткандарды жана бизге кайрылгандарды дарылайм. Көбүнчө өнөкөт кулак оорусу, гайморит, өнөкөт тонзиллит, аденоид ж.б. кулак-мурун, тамак оорулары боюнча кайрылган бейтаптарды карайбыз. 

-- Ал оорулардын алдын алса болобу

-- Биринчиден, иммунитет жакшы болушуна кам көрүш керек. Витаминдүү тамак-аш ичип, сергек жашоо образында спорт менен машыгуу керек. Сууктан сактаныш керек. Күчөп кетпеш үчүн убагында алдын ала дарыланыш керек.

-- Кулак-мурун, тамак ооруларын үйдөн дарылоого мүмкүнбү?

-- Өтө эле жеңил түрү болсо, жылууланып дарыланса болот. Өз алдынча  дарыланам деп айрымдар ооруну ого бетер күч алдырып жиберүүсү мүмкүн. Эскерте кетерим, кулак-мурун оорулары аба аркылуу да жугат. Бул өзгөчө жаш балдар менен кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

 "Азия Ньюс" гезити
 

 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер