Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Сүйгөн адамым таштап кетти, ишене албай турам
Сүйгөн адамым таштап кетти, ишене албай турам
11-сентябрь, 10:27
934 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мен күйөөмдү сүйүп, экөөбүз көп жыл сүйлөшүп, атамдардын каршылыгына карабай баш кошконбуз. Бирок бат эле эки жолго түштүк. Төрөгөндөн бери үйдөмүн, эч жакка чыкпайм. Ал болсо канча кыздар менен жүрдү, ошондо да үмүтүмдү үзбөй күтүп жүргөм. Ушунчалык сагынып. Бүгүн болсо “үйлөндүм” деп аялы экөө түшкөн сүрөттөрүн жөнөтүштү. Күйүп жатам... Ыйлай берип башым да ооруп чыкты, кантип унутам? Катуу сүйдүм, канча жылдык махабатым эле... Башка турмушка чыккым жок. Элестетким да келбейт. Сүйгөн адамымдан түбөлүк ажыраганыма ишене албай турам. Жолдошумдун колун башка бирөө кармашын каалаган эмес элем. Мен жамандык кылбадым, Кудай бар го, бирок жашоомо нааразымын...
Алия
"Азия Ньюс" гезити