Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлүмдөн кийинки өлүм

Өлүмдөн кийинки өлүм

06-октябрь, 20:03
111 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(новелла)

- Оо, эл-журт, атам кандай киши эле?!

- Жакшы…

- Оо, агайын-туугандар, атам кандай адам болчу?!

- Жакшы киши эле…

- Оо, калайык…

Уулунун сөзү аягына чыкпай калды. Көйнөгү ар жеринен тытылган, чачы куудай аппак кемпир адамдарды аралай чаап, жаңы үйүлгөн топуракка жетти. Бетин бырыш басып, көзү жашка толгон эненин арык денеси калчылдап, теңселип араң турат. Үйүлгөн топуракты көрөрү менен кармана албай, ачуу чаңырган бойдон басып жыгылды.

Эл дүрбөлөңгө түштү. Айылды көздөй жол баштайын деген молдо да эмне кыларын билбей селейип катып калды.

- Кагылайыным, ананайыным… Козутайым, эркетайым, кичкинтайым… Жалгызым менин, жалгызым… Сен өлгөн жоксуң, балам. Сенин алдыңда мен кетейин! Ананайыным десе, тирүүлөй көмүп салыштыбы сени? Тур, тура гой, уулум. Сыртка чыга гой, алтыным…

Чебелектеген эне алсыз колдору менен жылуу топуракты кучактаган бойдон жатат. 

- Силер эмне жалдырап карап турасыңар? – деп айылдаштарына кайрылды. – Кишисиңерби деги?! Баламды казып чыгаргылачы. Суук тийгизип албасын. Курсагы деле ачкандыр, сүт катыктаган чайдан берейин…

Бейиттин арасы күбүр-шыбырга толду.

- Күйүтүнө чыдабай, биротоло айныган турбайбы…

- Таңгөрү-ү... Карылар үйүнөн бери адашпай, кантип таап келгени кызык.

- Бечара…

Кемпирге эч ким даап, жакындай алган жок. Ошондо небереси чөгөлөп, анын колунан  кармады:

- Чоң апа… Чоң апа, акылыңызды жыйнаңызчы. Атам үйгө барбайт эми…

Кемпирдин ыйы тып басылды. Небересин карады. Анан көк асманга тигилди.

- Анда… Чайды ким ичет?..

«Олда, энекем ай!» деп көрдүн ичиндеги койчу онтоп жиберди. Эки күндөн бери тирүү экенин далилдей албай, үнү кардыгып, алы куруп, үмүтү үзүлүп бараткан.

- Апа! Апакебайым! Мен мындамын! – деп жанталбастап кыйкырды анан.

- Мына! Мына! Уктуңарбы?! – кемпирдин көзү жайнап кетти. –  Баламдын доошу! Тыңшагылачы! Айттым эле го! Уулум өлгөн жок! Өлбөйт ал! Өлбөйт!

Адамдар кемпирди ойбоюна койбой көтөрүп, ары алып жөнөштү.

- Коё бергиле мени! – деп тыбырчылап, жер тепкилеп, боздоп баратты кайран эне.

Күн төбөдөн ооп, кеч күздүн ичиркенткен муздак шамалы бейиттеги куураган чөптөрдү акырын термелтүүдө. Асманды боз булут чулгап, алыстан карганын каркылдаганы угулат. Адатта мүрзөдөгү жымжырттык бүгүн эненин боздоп-сыздаганына чыдабай, муңайып жаткансыйт.

Адамдардын карааны алыстаган сайын бүтүндөй дүйнө да аны менен кошо кичирейип барат.

Эл тарагандан кийин кулак кескендей бейпилдик орноду. Күн уясына жашынып, кызгылтым нурлар жаңыдан үйүлгөн топуракты аяр сылагансыйт. 

Көөдөй караңгы көрдүн ичинен койчунун кыйкырыгы далайга чейин жаңырды:

- Тирүүмүн мен… Тирүүмүн…


***

Өкүрүп-бакыргандан майнап чыкпасына көзү жеткен койчу шалдырап жатып калды. Мурдуна топурактын жыты гана келип турду. Катуу чарчаган экен.

Мындан эки күн мурда тирүүлөрдүн катарында жүргөн. Чарбасын иреттеп, кечкурун үйүнө кайткан. Бир аз эс алайын деп диванга кыңкайганын билет. 

Чуру-чуудан чоочуп ойгонду. Көзүн ачса, боз үйдүн ичинде жатат. Ич кийимдеринен бери чечип, үстүнө ак шейшеп жаап коюшуптур. «Коркунучтуу түш көрүп жатам го?» деп ойлоду. Көзүн чылк жумуп, азга жатты. Кайра ачты. Түк эч нерсеге акылы жетпейт. Сыртта кишилердин кобурашканы даана угулду.

- Ажал дегениң ушинтип айттырбай келет тура! – деди биринчиси.

- Уктаган бойдон жаны үзүлүптүр! –  деди экинчиси.

- Койчу акемди өлөт деп ким ойлоптур? – деп шыпшынды үчүнчүсү.

«Койгулачы тамашаңарды!» деген койчу ордунан обдулуп турайын деди. Денеси кыймылдабай койду. Колу-буту жансыз. 

«Ө-өй, мен өлгөн жокмун! Мынакей, типтирүү эле жатпаймынбы! Бери киргилечи!» деп кыйкырды. Сөздөрү өзүнө гана угулду. Эч ким жооп кайтарган жок. Ал ансайын жаналакетке түшүп, үнүнүн барынча бакырып атат, кыйкырып атат. Акыры тамагы айрылып кетчүдөй абалга жетти. Такыр аргасы куруду.

«Өлүп калдым го» дейин десе, кулагы кадыресе угуп жатпайбы. Акыл-эси кадимкидей жайында. «Мендеги тирүүлүктүн далили эмеспи бул» деп өзүн өзү жооткотту.

Ошол маалда сырттагы айылдаштары маркумду акыркы сапарына узатууну акылдашып жатышты. Секинден эсин жыйган койчу аларга кулак түрдү.

- Койчу жалгыз уул эмеспи, - деди классташы кайгырып. – Маркум атасынын туугандары жок. Аяш энебизди карылар үйүнө тапшырып койгондон кийин тага журту карым-катышты үзгөн. Жакын туугандары менен жарытып катышпаптыр. Айла жок, бизге Кудай күч-кубат берсин дейли.

Кошунасы сөзгө аралашты:

- Куру дегенде аялы кошок кошпойбу! «Кошок кошконду билбейм» дебедиби. Эй, ырымга көзүнө жаш алып койсо не! Күйөөсүн эми көргөнсүп, сөөктүн маңдайында отурат мисирейип.

- Кордук, чыныгы кордук. 

- Пенде башына салбасын мындайды.

Койчу сол жагына бурулса, аялы акырая тиктеп туруптур. Эзелтен бери бугуп жаткан ызасын чыгарып:

- Тыйылсаң болмок, - деди албууттанып. – Мен баарын башынан билчүмүн. Ошого карабай балдар үчүн чыдап келдим. Таш боорсуң сен, мерезсиң. Ойнооктугуң аздык кылгансып, болбогон шылтоо таап, көгала койдой сабайт элең мени. Акмаксың! Мен сага нааразымын! Сенин өлүмүңө кейибейм, көзүмдөн сокур тамчы жаш чыгарбайм. Сен мени тирүүлөй өлтүргөнсүң. Жек көрөм сени, жек көрөм!

«Ортобузда балдарыбыз бар го… Тургузчу мени…» дегиси келди койчунун. Бирок тили күрмөөгө жарабады.

Адамдар «эс кайрандап» боз үйдүн алдына өкүрүп түшүп, кайра кетип жатышат. Баягы тааныш үндөр. 

- Эсил кайран, оой досум! Эми кайдан оой көрөмүн!.. – деген өкүрүк чыкты алыстан.  Койчу аны үнүнөн жазбай тааныды. Көптөн бери төшөктө жаткан кан досу экен. Шал болгонуна карабай келиптир. Койчунун жүрөгү жылыды.

Эки ийнинен эки киши сүйөгөн досу түз эле боз үйгө баш бакты.

- Жалгыз калтыргылачы бизди, - деди сырдуу. –  Коштошуп алайын.

Боз үйдүн ичинде экөө: бири кийимчен шал, бири өлүүсү же тирүүсү белгисиз, дырдай жылаңач дене.

Узакка үн катпай отурган досу жай сүйлөп кирди:

- Бала чагыбыздан чогуу өстүк. Кырсыктын кесепетинен эч нерсеге жарабай калгандан кийинки алсыздыгымды пайдаландың. Эмне жөнүндө айтып жатканым өзүңө маалым.

Малыма каралашып, оокатыма жардамдашканыңды танбайм. Айылдагылар сени алкачу. Арийне, ошол эле көмөгүндүн арты менен үй-бүлөмдүн кутун учурдуң! 

Сен босогомду аттаган сайын, аркы бөлмөдөн эскирген керебеттин кыйчылдаганы угулчу. Баарын сезип, туйчумун. Баарын... Аргасыздан үйдүн шыбын тиктеп, тишимди кычыратып жатчумун. Бакырып жиберсем, балдарым чоочуп ойгонуп кетеби деп коркчумун. Менин кейиштүү акыбалымды кайдан билмек элең.

Узак жылдар бою балдарым үчүн ачуумду жутуп, өзүмдү кармап жашадым. 

Кудайга тапшырдым сени. Сени кечирдим, Жараткан кечирсин сени.

Ал саамга тунжурап, анан:

- Жаназаңа катышпайм, топурак салганы барбайм. Аркы дүйнөдө тынч жүр, -  деди.


***

Койчу тажыялардан: “Адамдар жети кадам баскандан кийин көрдө сурак башталат” дегенди далай уккан. Ошол айтылгандар эсине түштү. Кимдир бирөө кирип келчүдөй кулагын түрдү. Жымжырттыктан башка жышаан байкалбайт. «Балким, азыр...» деп көзүн жумуп күттү. Азырынча суракчы периштелерден кабар жок. 

Бүгүн койчунун жаңы конушундагы алгачкы түнү. Эшик, төрү жок көрдө жалгыз түнөрүн элестеткенде жүрөгү опкоолжуду. Өзүн алаксытуу аргасын жасап, өткөн күндөрүн эстөөгө тырышты.

Досу бардар бүлөдөн, анын атасы айылдын башчысы эле. Досу экөө бир кызды тымызын жактырышчу. Кызга деген сезимин досу биринчи ачыктап, сыры менен бөлүшкөн. А кыз койчуну сүйчү. Досу муну жакшы билгенине карабай, атасын шашылыш жуучулукка жөнөттү.  

Койчу сүйгөнүнө жетпей, бөлөк кызга – аялына үйлөнгөндө ата-энеси сүйүнүп, кошуна-колоңун чакырып, чакан той беришкен. "Убакыт өтсө көнүп кетем" деген койчу өзүн сооротуп. Көнө албады. Сырттан бактылуу көрүнгөнү менен, төшөгү муздак, ашы супсак үйдө күн кечирди.


***

Койчу үчүн таңдын атышы кылымга созулгансыды. Түнү бою өзү менен өзү алышып чыкты. Көзү илинип баратканда бут жагынан бир нерсенин жылып жүргөнүн сезди. Кара чаар жылан сойлоп баратыптыр! Кантип кош колдоп муунтуп салганын байкабай калды. Андан соң таңга чейин кирпик какпады.

Таң сүрүлүп келатканда туугандары, балдары бейитине өкүрүп түшүштү. Куран окуп, шаша-буша тарап кетишти. 

Эң акырында баласы калыптыр.

- Ата… - деди уулу. - Чоң апам ишенбей жатат. «Уулум тирүү» деп түнү бою жөөлүп, бизди кыйнады.

Бала башкалар угуп калбасын дегенсип эки жагын элеңдей карап, секин шыбырады:

- Ата, мен сиздей болууну каалабайм. Мектепти аяктаганымда «малды ким карайт?» деп борборго окууга жөнөтпөй койгонсуз. Мен эч качан балдарымдын жолун тоспойм. Апамды карылар үйүнө таштабайм. Мен сиз эмесмин, ата!

Энеси гана уулуна таарынган жок. Алигиче анын өлгөнүнө ишенбей, “уулум тирүү” деп жатыптыр. “Апакем, ай!” деди койчу жүрөгү сыздап. Ал апасын карылар үйүнө жеткирген күндү эстеди. Унааны узакка айланчыктаган энесинин карааны көз алдына тартылды. 

- Неберелеримди алып келип тургулачы, -   деген эле жалооруп. 

- Макул, апа…

Койчу муну ооз учунан айткан.

Энеси бир оокумга чейин ордунан жылбай, аргасыздан колун булгалап коштошкон:

- Жөнөй гой, балам. Жолуң ачылсын.

Койчу күзгүдөн улам артына кылчактап карап бараткан. Чүкөдөй кемпир улам кичирейип, кичирейип отуруп, карааны үзүлгөн.

Көңүлү түтпөгөн койчу карылар үйүнө ай сайын каттап жүрдү.  Акыркы жолкусунда апасынын акылынан айнып, кээде оңолуп, сөзүн кайталай бермейи күчөгөнүн байкады. Кайран эне уулун кучактап, мойнунан шуу-шуу эткизе жыттап, жалынып жалбарып атты:

- Кулунтайым, эркетайым. Ден соолугуң жакшыбы? Неберелерим чоңоюп жатабы? 

Койчунун мурдуна каңырсыган жыт урунду. Кучагынан бошонгуча шашты.

- Жакшы, апа. Малдан чолоо тийбейт.

Ортодо тымтырстык орноду. Бир аздан кийин апасы кайра баягысын баштады:

- Кулунтайым… Көптөн бери келбей койдун го. Сарсанаа болбодумбу...

Койчунун итатайы тутулуп, кыжыры кайнады. Өзүн араң чыдап карманды.


***

Тышта мемиреген тынчтык. Койчу көрүндө жакындарын күтүп жатат. Адамдын үнүн угууну ушунчалык эңседи. 

Ойлоп көрсө айылда аны эч ким атынан атабаптыр. Жөн гана койчу деп чакырышчу экен. 

Атасына деле жарытып мамиле кылбаптыр. Буга бир чети атасынын күнөөсү бар. Бала чагында атасынан аталык мээримди күтчү. Тилекке каршы, атасынын колу малдан бошобой, уулуна жеткиликтүү көңүл бурган эмес. 

- Эркек деген ыйлабайт! Бирөө урдубу, жалдырабай ага татыктуу жооп кайтарбайсыңбы! - дечү ал баласы көчөдөн таяк жеп келгенде соороткондун ордуна ачууланып.

Баласы оюн айтайын десе, «мен айткандай болот!» дечү каарданып. Атасынын катаал мүнөзүнө сугарылып өскөн бала, кайра өзү атасынын кейпин кийип калганын уулунун «Мен сиз эмесмин, ата!» деген кебинен улам билди. 

Муну көрдүн ичинен түшүндү.

***

Бүгүн кабырдагы экинчи күндүн башталышы. Күндүн ырайы ачык. Кечээги кайгы, муңга бөлөнгөн бейит таңкы желге эркелеп, чөптүн башындагы шүүдүрүм жылт-жулт эте күндүн нуруна чагылышып, табият өзгөчө көрктүү. 

Жердин үстүндө турмуш өз нугунда уланууда. Ал эми жер астындагы койчу адам үнүнө зар.

Күндөгүдөй жакындары бейит башына топурап келишти. Кудум кечээги  көрүнүш кайталанды: куран окушту, четинен тарашты.

Мүрзөнүн жанында бу саам эки адам турду. Уулу менен небереси экен. Небереси экөө ынак болчу. Атасын болбой ээрчип келсе керек.

- Чоң атам ушу жерде жатабы?

- Ооба.

- Эмнеге аны көмүп салдыңар?

- Чоң атаң мындан ары ушул жайда жашайт.

Бала чыңырып ыйлап жиберди.

- Аний, чоң атам үшүйт! Тышка алып чыккылачы! Үйгө алып кетели, бизге жомок айтып берсин!


***

Айлананы караңгылык каптап баратты. Күндүн акыркы шооласы бейиттин үстүн кызгылт нурга бөлөдү. Мээлүн жел топуракты сапырып, бөтөнчө жыт айланага тароодо.

Койчу сурактын башталышын күтүп жатат. Кандай суроолор болорун, кандай кыйноолор болушу мүмкүндүгүн сезип жаткансыйт. Ушул мүрзөдөгү алгачкы күнү анын жарык дүйнөдөгү бүтүндөй өмүрүнүн ар бир ирмемин анализдеп чыкканга кеңири жетиштүү болду. “Кайра башынан жашасам...” деген бир эсе ой, бир эсе каалоосу улам күчөп баратты. Анда өмүрүн малдын туягын эсептеп жүргөнгө гана коротпос эле... 

Апасын, апасын... Эч качан таарынтпас эле... Көрпенделик текеберчиликтер, азгырыктар... Эх, мунун баарын оңдоого эми кеч! 

Эки метр караңгы көр жана алдыдагы суракты күтүү гана бар. Суракты күтүүнүн өзү кандай коркунучтуу... 


***

Мүрзөдөгү үчүнчү күн. Суракчы периштелер келген жок. Топурак али жылуу... 

Нурканбек Керимбаев,

Кытай, Пекин шаары. 2026-жылдын 4-октябры.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер