Өмүрлүк жолдошумду бирөө менен бөлүшүп, кантип жашоо кечирем?
Мен 38 жаштамын. Алмаз экөөбүздүн түтүн булатып чогуу жашап келе жатканыбызга 18 жыл болду. Жолдошум үч эжесинен кийин ата-энесин күттүрүп келген жалгыз эркек. Ошондон уламбы, бул үй-бүлөдө эркек баланын орду чоң. Мен кош бойлуу болгон сайын эркек бала болушун баарылап күтүшөт. Ансайын мен кыз төрөйм. Үч кызымды төрөп, дагы төрөсөм кыз болуп калышынан коркуп, өзүмө эс алуу жарыяладым. Үйдө отуруудан тажаганда жолдошум үйдүн бир бурчуна чакан дүкөн ачып берип койгон. Үйгө кирип-чыгып жумуштарымды жасап, ошол эле учурда дүкөндү иштете берем. Убакыт билинбей өтүп, улуу кызым 15ке, кичүүсү 10го чыгып калыптыр. Ошондо убакытты өткөрбөй күйөөмө эркек төрөп берүүнү чечтим. Сураштырып жүрүп жакшы гинеколог таап дарыланып, эсептетип, эркек болуусун кааладым. Анализдерди тапшыруу убагында гинекологум жатынымда чоң көлөмдөгү миома бар экенин айтты. Башында аялдардын катардагы ооруларынын бири деп олуттуу кабыл алган эмесмин. Бирок мендеги бул ооруну дарылоо онкологиялык ооруканада миома менен кошо жатынымды алып салуу менен бүттү. Ракка айланып кетүүсү мүмкүн экен. Эмне кылам, айласыз доктурдун айтканына макул болуп тагдырыма баш ийип отуруп калдым. “Эркек төрөйм” деген тилегимдин ташталканы чыкты. Жашообуздагы мындай бурулуш менден да күйөөмө абдан оор тийди. Болбогон нерсеге кыжырданып, кыйкырып, же болбосо ой басып эле таптакыр өзгөрүп кетти. Ичимдикке да көбүрөөк оой баштады. Мен эмне кылмак элем, бул Кудайдын иши болсо да өзүмдү күнөөлүү сезип унчукпай тим болом.
Арадан убакыт өтүп, баары калыбына түшкөндөй болгон. “Эркек бала багып алабыз” деп өзүмдү жоошутуп, бирок бул оюмду күйөөмө билдире элек болчумун. Бирок мен кечигиптирмин...
Үйгө түнкү саат 2лерде келди. Мен аны күтүп телевизор көрүп отургам. Күйөөм эшиктен негедир абдан кубанычтуу кирди. Адатта достору менен ичкенде ушундай кеч келчү. Бул жолу сопсоо, бирок көздөрү жайнап, уурту күлкүдөн жыйылбайт. Менин таңгала караганыма:
-- Мен эркек балалуу болдум! - деди андан бетер күлкүсү төгүлүп.
-- Кимден? Качан? Кайсы убакта үлгүрдүң? - деген суроолорума шашпай отуруп жооп берди.
Көрсө, баары пландуу түрдө болуптур. Мен жатынымды алдыргандан кийин эркек балалуу болуудан үмүтү үзүлгөн жолдошум өзүнө керектүү бакытты сырттан издей баштаптыр. Мына, ал бактысына жетип, ошондон улам бүгүн кубанычы койнуна батпай турган кези экен. Канчалык өзүмдү кармайын дегеним менен болбоду. Ызама чыдабай ыйладым, чаң-тополоң кылдым. “Кетем” деп кийимдеримди салыштырдым. Кызыгы, күйөөм “кетпе” деп жолумду тоскон жок. Аалам аңтарылса да тоготпой, өз бактысына мас болуп отурган күйөөмдү көрүп, ичимди кызганыч өрттөдү. Түн ичинде каякка бармак элем, бөлмөмө барып көз жаш менен таң атырдым. Эртең менен Алмаз үйдөн чыгып баратып:
-- Билесиң, мен баламды таштабайм. Ошол эле учурда силерди да кыйбайм. Эч нерсе болбогондой оокатыңды кылып жашай бер, - деп чыгып кетти.
Жок, мен минтип өмүрлүк жолдошумду бирөө менен бөлүшүп жашай алчудай эмесмин. Мен айрым аялдардай кең пейил эмес экенмин. Сот аркылуу ажырашып, өз тиричилигимди кылганым дурус окшойт...
Гүлзар
"Азия Ньюс" гезити