Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Күйөөм суук кабар угузду, “мен барбайм, башканы таап алдым” дейт”

“Күйөөм суук кабар угузду, “мен барбайм, башканы таап алдым” дейт”

06-сентябрь, 12:36
1 952 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жолдошум менен бирге жашаганыбызга 5 жыл болду. Эки балабыз бар, дагы кош бойлуумунБүгүн-эртең деп турам. Жолдошум алыс жакта иштейт. Көптөн бери мага көңүлү жок болуп жүргөнү билинип аткан, бир аз карызыбыз бар эле, ошондон кутулуш үчүн ошол жакка иштегени кеткен. Балдар менен жалгыз калып, көп эле кыйналдым. Алар да куса болуп башташты, эптеп чыдап тургула, мен деле силердин жаныңарда жүргүм келип атат, карыздан кутулуш керек болуп атпайбы деп атса ишенгем. Боорум ооруп, аны аягам. Кыйналсам да шартына көнүп жүрдүм. Эми ушул айдын аягында жумушу бүтүп келмек. Анан эле кечээ мага суук кабар угузду: “Мен барбайм, бул жактан бирөөнү таап алгам, ал кош бойлуу” дейтЖашайм, макулмун десең, мен экөөң менен тең жашайм дейт. Мен өзүмдү жоготуп, ыйлап, көп нерсе айттым. Жалындым, алдадым, болбоду. Мен эми кандай кадамга барам?..

Айгүл
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер