Шайтандуу күндөр артта калып, жоолук салындым... Күнөөм жуулабы?
Сиздер менен ой бөлүшкүм келди, өзүм 25 жаштамын, ороном. Жоолук салганыма төрт-беш ай болду. Мурда жармаштырып шым кийип, чачты жайып жүрчү элем. Мырзаларды чаап алуу маселе эмес болчу. Өзүм кара тору, келишимдүү кызмын. Эмнегедир жоолук салынуу оюмда бар болсо да, шайтаным күчөп салбай жүрчүмүн. 2021-жыл кирип келери менен бир эле күнү жоолук салгым келди. Оюман кетпей каалоом күчөп, эч кимге айтпай базарга барып, хиджап кийимдерге оронуп алдым. Мени эч ким “оронот” деп ойлочу эмес. Баары таң калышты.
Ошентип, бат эле турмушка чыктым. Бирок намаз окубайм. Намазга каалоом аябай күч, бирок эмнегедир окуй албай жатам. Буюрса... Жоолук салынган өтө жагымдуу экенин айткым келип жатат. Мурда эмнеге салынбадым экен? Күнөөлөрүмдү жууп жатам го... Алла таалам ыйманымы күчөтө берсин...
Айпери