Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айткан сөзү менен иши төп келбеген министр Аскарбек Жаныбековдун чабалдыгы

Айткан сөзү менен иши төп келбеген министр Аскарбек Жаныбековдун чабалдыгы

30-июнь, 11:30
403 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сүйлөсө тилинен чаң чыккан айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков сөзү менен баарын жайгарат, ал эми иши начар. Айтканы менен иши төп келбейт. Ага өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу тапшырылган. Тамак-аш коопсуздугунун базалык азык-түлүгү болгон нан, кумшекер, өсүмдүк майы, эт азыктары күндөн күнгө кымбаттап баратат. Ал эми Аскарбек Жаныбеков болсо министрликтин кабинетинен чыкпаган адистери даярдап берген отчетторду окуп берип коюп отурат. Тамак-аш азыктарына болгон бааларды көзөмөлдөгөн киши жок. Мисалы, кумшекердин баасы “Глобус” гипермаркетинде 80 сом, ал эми башка дүкөндөрдө 100 сомдон сатылууда. Эмне үчүн мындай айырма? “Глобустан” башка дүкөндөр Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийбейби, же алар башка мамлекеттин дүкөндөрүбү? Бул эмне деген башаламандык? Муну ким теске салат? Антимонополиянын кызматкерлери кошулуп алып бизнес жасап жатышабы? Сокенин учурунда дарыканаларда ушундай башаламандык болду эле, эми ал азык-түлүк саткан дүкөндөргө жеттиби? Азык-түлүккө болгон баалар тезинен теске салынышы абзел. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер