Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирлан Сарлыкбек уулу: “Бизде экономикалык абалды анализдөө, багыт берүү жок”

Темирлан Сарлыкбек уулу: “Бизде экономикалык абалды анализдөө, багыт берүү жок”

24-декабрь, 10:23
1 797 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ишкер, Түркия-Кыргызстан иш кеңешинин теңтөрагасы менен маек.

-- Соода өнөр жай палатасынын маанилүүлүгү тууралуу айтып өтсөңүз?

-- Соода өнөр жай палатасынын негизги милдети – ишкер чөйрөнүн башын бириктирип, аларды "курт-кузгундан", мыйзамсыздыктан жана жаңылыш мыйзамдардан коргоп, ишкерликтин өнүгүүсүнө жана мамлекетке пайдалуулугунун жогорулашына жол ачуу. 

Ошону менен бирге өлкөдөгү экономикалык абалды тыгыз анализдеп, акыбалга жараша ишкерлерге багыт берүү. Ошондой эле өкмөткө сунуш берип туруу дагы соода өнөр жай палатасынын негизги милдети.

-- Кыргызстанда аталган палата өз милдеттерин аткарып жатабы? 

-- Албетте, жок. 700 000ден ашык ишкана болгон өлкөдө болгону 1180 ишкана мүчө экен. Себеби ишканаларга дагы, өлкөнүн экономикасына дагы эч кандай пайдасы тийбеген мекемеге мүчө болуу, мүчөлүк акы төлөө эч бир ишкер үчүн кажет эмес.

-- Башка өлкөлөрдө мындай уюмдардын аткарган милдеттери кандай?

-- Мен АКШ, Япония, Германия, Түркия сыяктуу экономикасы кыйла өнүккөн бир топ өлкөнүн соода өндүрүш палаталарында болуп, кыска мөөнөттүү атайын окуу, тажрыйба алуу иш-чараларына катышкам. Ишкерлик тажрыйбама таянып жана башка өлкөлөрдүн палаталарына салыштырып айтсам, бизде өнүгүүгө өбөк боло алчу механизм жөн эле чаң басып жатат. Же өзү жарыбайт, же өлкөнү жарытпайт.

-- Бир канча күн мурун соода өнөр жай палатасынын башчысы шайланды. Шайлоо жыйынтыгына палатанын мүчөлөрү нааразы болушууда. Эмне үчүн?

-- Соода өнөр жай палатасынын 18.12.2020 күнү өткөн съездинин президиумунун мүчөсү катары мыйзамсыздык жана ыймансыздык менен коштолгон шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм. Анын жокко чыгарылышы үчүн мыйзам чегинде күрөшүүнү улантам.

Себеби:

1) Шайлоо бир жыл мурда өтүшү керек эле. Бирок, анда себепсиз өткөрүлгөн эмес;

2) Шайлоого 128 делегат чакырылган. Алар жалпы ишкерлердин пикирин чагылдырбайт жана алардын жарымы алдын ала М.Шаршекеев үчүн даярдалып чакырылганы маалым;

3) Палатанын уставы дагы, башка чечимдери дагы учурдагы президенттин шайлоо аркылуу башка талапкер жеңип кетүүсүнө тоскоолдук жараткан жагдайларды камтыйт; 

4) Палатанын мурдагы чечимдеринде президенттикке талапкер 65 жаштан жогору болбошу керек. М.Шаршекеев 70 жашта;

5) М.Шаршекеев 58 добуш менен жеңишин жарыялады. Демек, Б.Дегенбаев 70 добуш алышы керек эле. Жыйын узап кеткендиктен айрым делегаттар кетип калды;

6) Экинчи тур кол көтөрүү түрүндө өттү, жыйынтыкты тастыктаган документ жок;

7) М.Шаршекеевдин 5 жылдык отчету канааттандырарлык эмес; 

8) Финансылык отчет берилген жок. Мүчөлүк акыдан, сертификаттарды сатуудан түшкөн жана чет өлкөлөрдө өтүп жаткан көргөзмөлөргө жергиликтүү өнүмдөрдү алып чыгуу үчүн мамлекеттин казынасынан алынган көлөмдүү акчалардын максатка ылайык коротулганы шек жаратат;

9) Кеңеш мүчөлөрүн шайлоодо кворум болгон жок. Өздөрү түзгөн тизмесин эле бекитип алды;

10) Чакырылган делегаттардан келбегендердин ордуна кимдир бирөөлөр добуш берип жатты.

-- Демек, учурда бул кызматты ээлеген адам өз ишин дагы жөндөй албай жатабы?

-- Бул маселеге жөн гана орун талашуу катары карабаш керек. Сотко, прокуратурага, эсеп палатасына, президентке (президенттин милдетин аткаруучуга) кайрылуу шарт. Себеби, соода өнөр жай палатасынын орду өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүндө өтө маанилүү. Он жыл иштеп ийгилик жарата албагандар дагы беш жыл мамлекет үчүн маанилүү жерди ээлеп (узурпациялап) отурбашы керек. Бул жакка жаш, билимдүү, дүйнөдөгү соода жана өндүрүштүн агымынан кабардар, англис тилин суудай билген жетекчи шайланышы керек.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер