Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Икрам Илмиянов бийликтин кайсы партиясына добуш алып берет?

Икрам Илмиянов бийликтин кайсы партиясына добуш алып берет?

04-август, 12:25
644 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

150 миң доллар аферасы менен соттолуп кеткен Икрам Илмиянов жакында эле мунапыстын негизинде жатак абагына бошоп чыккан. Бул боюнча ар кандай божомолдошту. А түпкүрүндө кандай? “Жатак абагы” деп айтылганы менен ал үйүндө эле жашайт. Жасалма маанидеги көзөмөлдө болот... Парламенттик шайлоонун астында эркиндикке чыккан Икрам Илмиянов ачык саясатка аралашпаса да, тымызын түрдө бийлик партиясына иштеп бериши мүмкүн. “Шопурдун” ресурстары арбын. Мисалы, мурдагы бийлик учурунда топтоп алган байлыктары, бизнеси айланып, көбөйсө керек. Мындан сырткары, ал бийликте жүргөндө кичи мекени Баткенге ондогон мектептерди, бала бакчаларды салдырып, таза суу чыгартып, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдотуп, кыйла көп иштерди бүтүрүп койгон. Мунун баары Акүйдөгү эң таасирдүү адам болуп турганда бүткөн. Баткендиктер анын мынча арбын жасаган жакшылыгын унутушпайт, дал ушул шайлоодо Икрам Илмиянов көшөгө артынан ишарат жасап, миңдеген добуштарды алууга жетишери күмөн эмес. Андыктан, бийликтин кайсы партиясы анын электоратын пайдаланарын көрө жаталы.

Aryba.kg

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер