Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рустам Юсупов, активист: “Оор күндөрдө ызы-чуу шайлоонун кереги жок”

Рустам Юсупов, активист: “Оор күндөрдө ызы-чуу шайлоонун кереги жок”

08-июль, 16:48
758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Түн түшкөндөй оор учур өтүүдө. Мындай абалды ким өзгөртөт? Кантип чыгабыз?

-- Азыркы ахыбалды көрүп турасыз. Баарын таштап коюшуп, эмгек өргүүгө чыгып кетишти. Өкмөт болсо чабалданып, өз алдынча иш жүргүзө албайт. Президенттин оозун карап эле отурушат. Эл өкүлдөрү болсо да балким жардамдары, үндөрү болмок. Тилеке каршы, алар “аламанга даярданабыз” деп элди ташташып, өздөрү шайлоого шымалана киришип кетишти. Азыркы күндөрү жаман илдетти жуктургандардын саны аябай көбөйүүдө. Биринчи кезекте ооруну жеңүү үчүн өзгөчө катуу кырдаал же абал киргизилиши керек. Абалды киргизген соң өкмөт тамак-аш, дары-дармектери менен элди жакшылап камсыздап багуу шарт. Азыр эл тамак-ашы, дары-дармеги жок кыйналышууда. Шаарда кичине медициналык жабдыктар бар. Дарт региондорго барса, ал жакта эч мүмкүнчүлүк жок. Жабдыктарды айтпай эле коеюн. Эң жөнөкөй дары-дармектер жок. Кары-картаңдарыбызга эмне болот? Муну алдын-ала ойлонуп жатышабы? Өкмөттүн штабдары өтө эле алсыз иштешүүдө. Чукул чечимдерди кабыл алышып, аларды күчтөндүрүп, күн-түндү билбей иштөөлөрү керек эле. 

-- Учкун көрүнбөйт го...

-- Бул жерде эки жол турат. Биринчиси, элдин ден-соолугун туруктуу кармап туруу, экинчиси, элди ачка калтырбай экономикалык оор абалдан кантип чыгып кетүү керек?..

А эл өкүлдөрүнүн көңүлү болсо, шайлоо жаатына бурулуп кетти. Биринчи маселеси эле парламентке кайрадан келүү болуп калды. Карапайым калк ачпы, токпу, ден соолугу кандай? Деги ким ойлонуп жатат?.. Азыркы ушундай оор күндөрдө ызы-чуу шайлоо менен жаңы парламенттин кереги жок болчу. 

Жамиля Нурманбетова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер