Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зарыл Рысалиев кошомат кылып, ажонун аброюна шек келтирди

Зарыл Рысалиев кошомат кылып, ажонун аброюна шек келтирди

26-июнь, 15:01
1 597 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул эргулдун жагымпоздугу чектен ашып кетти. Кошомат кылган адамдарынын тизмеси узарды. Кайсы бийлик болбосун таман алдына төшөлүп, уят-сыйыт дегенди унутуп эле далбастай береби?

Кандуу режим тушунда Зарыл Рысалиев Свердлов РИИБсин жетектеп, Жаныш Бакиевдин “оту менен кирип, күлү менен чыгып” жүргөнүн унуттукпу? Ал кезде эрке талтаң эле го? Кийин төңкөрүш болуп кетип, Бишкек ШИИБге Турат Мадылбеков начальник болуп калганда, ага да бүжүңдөп жүргөнүн коллегалары айтып жүрүшчү. Андан соң Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин “чачпагын” көтөрүп, болушунча жагынды эй! Карьера жасады. Ортодон Бусурманкул Табалдиевге жабышкан... Кызматтан түшүп калгандан кийин Өмүрбек Бабановго чиркешип, 2015-жылы РАЖдан депутат болуп келди да, лидерин сатып кетти. Ушундай. Атамбаев президенттиктен кеткенче анын ырын созуп, Сооронбай Жээнбеков такка отурганы 180 градуска багытын өзгөрттү. Эки жарым жылдан бери “кошоматка кой союп” келатат. Аз күн мурда парламенттен ажону Манаска теңеп (жаман оюнда “жакшылык” кылганы го), тескерисинче, уят кылып салды. Акыл-эстүү адамдар Закенин мынчалык пастыкка түшкөнүнө түшүнүшпөй, баш чайкашып, жакаларын кармап отурушат... 

Же Батукаевдин иши боюнча элдин көзүн будамайлап, бийликке жагымпоздонуп, суудан кургак чыгып кеткени жатабы? Эсиңерде болсо, Рысалиев ЖАМКны жетектеп турганда Батукаевди түрмөдөн чыгаруунун башкы каарманы эмес беле? Нарындан “Манас” аэропортуна чейин узатып барганын өзү айтып берген да, туурабы? Анда эмне азыр камалбай жүрөт? Бийликтин кош стандарттуу саясаты элди ирээнжитип жатпайбы! Же кошоматчыларга мыйзам иштебей шал болуп калганбы?!.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер