Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эски бийлик сүрөгөн “чобурлардын” былыктары ачылууда

Эски бийлик сүрөгөн “чобурлардын” былыктары ачылууда

21-ноябрь, 18:06
1 292 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сооронбай Жээнбеков кеткенден кийин анын жандоочуларынын жасаган былыктары ачыла баштады. Президенттин аппараты “Акнетти” басып алган рейдерлик иштерге аралашканы ачыкка чыгып, элге шардана болуп жатат. Аны укук коргоо мекемелери дагы териштирээр. Мурдагы президенттин дагы бир таптап өстүргөн “чобурларынын” бири ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков. Ал декандын орун басары, директордун орун басары сыяктуу майда кызматтарда жүргөн колбала деңгээлиндеги катардагы эле окутуучу болгон. С.Жээнбеков өкмөт башчылыгына келгенден баштап, мурдагы колбала мугалимдин “жолу ачылып”, алеки саатта ОшМУнун окуу иштери боюнча проректорлук кызматына көтөрүлгөн. Ал жерде иштээр-иштемексен болуп илең-салаң жүргөн мезгилде, бүтүндөй республиканын жогорку билим берүү тармагына жооп берген билим берүү министринин орун басарлыгына алып келип отургузушат. Ал бул кызматтын жүгүн эч качан көтөрө алмак эмес, ага чейин белгилүү илимпоздор Н.Ишекеев, Н.Эсенгуловдор татыктуу иштеген бул кызмат анын үч уктаса да түшүнө кирген эмес.

Ошол учурда билим берүү боюнча Орусиядан чоң делегация келип, көчөгө илинген чакырыктардан олчойгон каталар кеткенде да ал министрдин артына жашырынып калган. Ошондо бир чоң мыйзам бузуу болгон, МГУнун филиалын Ж.Баласагын атындагы КУУнун базасында ачуу боюнча келишим мурдатан даярдалып, көптөн бери сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Анан эле ортодон “оюн” бузулуп, К.Кожобековдун кутумчулугу менен филиал ОшМУга кеткен. Министрликтеги иши чала болуп, катуу сынга алынып жатканына карабастан, ал Сооронбай Жээнбековдун “батасы” менен кайра ОшМУга ректор болуп дайындалган. Министрликте өзүнө берилген тармактын жүгүн тарта албаган, бир проблеманы да жөндөп чече албаган бечара деңгээлиндеги айдама министрдин орун басары Кудайберди Кожобеков кайсы жетишкендиги, же кайсы көрсөткүчтөрү, же кайсы сиңирген эмгеги, кандай таланты үчүн ректор болуп дайындалыш керек эле дебейсизби? Көрсө, мындай сыйкырдуу иштердин сыры төмөндөгүдөй экен: Кудайберди Кожобековдун мурдагы президент менен туугандык, тамырлаш жайы бар экен. Болбосо илимге тырмактын агындай сиңирген эч нерсеси жок, илимий монография, окуу китебин жазуу анын деңгээлиндеги иш эмес, илимий шык-жөндөмдөн куржалак калган неме. Эми ошондой деңгээлдеги кишинин өлкөдөгү негизги жогорку окуу жайлардын бирин башкарганга моралдык акысы бар беле? 

Азыркы учурда ОшМУда деле ишти жарытып алып кете албай жатканы коомчулукта ачык эле сөз болууда. Анын же илимий жөндөмү жок болсо, же башкаруучулук жөндөмү, же бир менеджерлик шыгы болбосо, ал университетти башкаруу чала сабаттардын колунан келе турган иш эмес да. Ош университетинен Акүй, Көкүй, министрликке анын мөөрү басылып, колу коюлуп келген расмий иш кагаздарынын баары сабатсыз, ката жазылган деп айтышууда. Ош университетин артка тартып жаткан, сабаты жакшы жоюлбаган Кожобеков Жээнбековдордун аркасы менен “оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” болуп, учурунда мартабалуу, майлуу кызматтарда жүрдү. Эми ал заман өттү, азыр тааныш-билиштердин, жээн-тагалардын эмес, илим-билими күчтүү, кесипкөй, патриот менеджерлердин, анык лидерлердин доору келди...


"Азия Ньюс"  гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер