Мадумаров шайлоого карата соттолуп, “критке чабылабы”?


“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун башына айланган кара булут жакында тарачудай эмес. Эмесе, артка кылчаялы. Курманбек Бакиевдин бийлиги кезиндеги коопсуздук кеңешинин катчысы Мадумаров чечим кабыл алган. Баткендеги талаштуу 275 метр жерди тажиктердики катары таанып, алардан 49 жылга арендага алган протоколдун чуусу басылбай келет. Дал ушунун айынан кылмыш иши козголуп, тагдыры арабөк абалда экенин кантебиз? Азырынча тергөө амалдары жүрүп атат. Депутаттар болсо Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга макулдук беришкен. Камалышы мүмкүнбү? Биздин божомолубузда, “Бүтүн Кыргызстандын” лидерин камакка албай эле соттоп, алдыдагы президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратып салышы ыктымал. Электораты, тарапташтары арбып баратканда мындай кадам катуу сокку болот. Ошентип, Мадумаров саясый оюндан чыгып калса, өмүр бою эңсеген ажолук тактыдан куржалак калып, күтүлгөн планы ишке ашпай калабы? Анда коомчулуктун реакциясы кандайча өнүгөт? Түрмөгө түшпөй эле соттолуу менен “критке чабылса”, көпчүлүк деле түшүнүү менен кабыл алабы? Кызык күрөштөр алдыда, көрө жаталы.
"Азия Ньюс" гезити











