Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азенбек Козукеев орун басарлары менен келише албай, артынан “тоголок арыз” жазылдыбы?

Азенбек Козукеев орун басарлары менен келише албай, артынан “тоголок арыз” жазылдыбы?

30-январь, 23:03
8 647 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Жол кырсыктарынын айынан жаракат алгандар, каза тапкандар арбыды. Коомчулукта бу боюнча курч талкуулар жанданууда. Согуштагыдай эле курман болуп жатышканына эмне дейбиз? Өтө өкүнүчтүү! 

     Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азенбек Козукеев ишке чоркок, тажрыйбасыз экенине күбө болуудабыз. Орун басарлары менен келише албай, алардын алды кызматтан кетүүдө. Өздүк курам ыркырап, ИИМ жетекчилигине “тоголок арыз” жазылганы каңкууланды. Бул жагынан көп чуулгандуу маалыматтар жакында чыгабы? Ашыкпай туралы, бүйүр кызычудай. Азенбек Козукеев кызматкерлерин башкара албай жатып, анан кантип жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт? Эгерде бул эргулдун ордунда билимдүү, тажрыйбалуу кадр болгондо, сын-пикирлер азайып, натыйжалуу ишти көрмөкпүз. Тилекке каршы, абал кейиштүү.

     А баса, арзыбаган шылтоо менен полковник Жеңиш Жоробеков береги кызматтан алынды эле. Эми бармагыбызды тиштеп отурабыз. Профессионалдын баркын билип, сактап калсак болмок экен ээ?..

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер