Акыркы кабарлар
» Саясат » Капчагайдан чер жазган Акылбек Түмөнбаев менен Жусупбек Коргонбай
Капчагайдан чер жазган Акылбек Түмөнбаев менен Жусупбек Коргонбай
30-январь, 22:54


Депутат Акылбек Түмөнбаев менен ишкер Жусупбек Коргонбай Казакстандагы Капчагай эс алуу жайына барышып, чер жазып турушары каңкууланып келет. Булар мурдагы коллегалар, азыркы ынак достор. Өткөн жылы куда да болушуптур. Айтмакчы, биз да Капчагайдай оюн-зоок ажайып жерди уюштуруп бергенибизде, Акылбек Түмөнбаев менен Жусупбек Коргонбай убара болбойт эле да. Чек арадан өтүп, жол арытып дегендей. Ырасында, мындай байлар арабызда арбын дечи, өзүбүздүн казинолорго жол ачылганда, алар чет жерге миллиондорун сарпташпай, бюджетибизге “уруп турушат” беле?..











