Акыркы кабарлар
» Саясат » Депутат Кундузбек Сулаймановду тойго ырдатууга чакырсак, канча акча алат?
Депутат Кундузбек Сулаймановду тойго ырдатууга чакырсак, канча акча алат?
26-декабрь, 20:31


Обончу Сыймык Бейшекеевдин концертинде депутат Кундузбек Сулайманов дасыккан ырчылардай обон созуп, элди кол чаптырды. Мыкты ырдайт экен. Мындай таланты менен артист болуп кетпейт беле? Чындыгында чыгармачыл адамдарды баалаш керек да.
Ошентип, Кундузбек Сулаймановдун ырдаганына суктанып, жакында алтымыш жылдыкка жана неберемдин сүннөт тоюна чакырууну чечтим. Бирок анын канча акча аларын сураштырсам, баары эле билишпейт. Ушул жагынан депутат өзү деле жарыя берип койбойбу? Чоң сахнада кыякты келтире тартып, мукам үнү менен обон салып атса, анан өзүнүн баасын да бычып, жарыяласын да. Менимче, Кундузбек мырзаны той-топурга чакыргандар каз катар тизилсе керек.
Таалай











