Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу – калың элдин талабына айланды

Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу – калың элдин талабына айланды

13-октябрь, 21:00
1 526 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан аксакалдар кеңешинен Мар Байжиев, Оморбай Нарбеков баштаган 21 инсан абактагы Садыр Жапаровду бошотуу боюнча демилге көтөрүшүп, кол топтоо иштерин жүргүзүшүүдө. Өлкөбүздүн булуң-бурчунан бери бул иш-чараны колдогондордун саны арбып баратат. Азырынча 200 миңден ашык элдин кол тамгасы коюлганы, дагы да уланары күтүлүүдө. Жыйынтыгында, топтолгон колду президент Сооронбай Жээнбековго тапшыруу ниети көрүлүп атыптыр. “Бийликтин ээси – эл” дейт, андыктан, калың катмардын талабы аткарылышы керек... Ал эми Садыр Жапаров Кумтөрдөгү чындыкты, талап-тоноо, экологиялык катастрофаны айтканы үчүн саясый куугунтукка кабылып, суу кечпеген жалаалардын айынан кесилип кеткен. Азыр болсо элдин көзү ачылып, акыйкат үчүн күрөшкөн уулун абактан бошотууга катуу киришкени анык. Мындай шартта бийлик карапайым калкты убарага сала бербей, алдын-ала чечим чыгаруу менен Садыр Жапаровдун ишин тезинен кайра каратып, эркиндикке чыгарууга барса саясый упай алмак. Болбосо элдин сүрү жаман, аягы ырбаган жарадай болуп, бир күнү “шишик жарылса” ким жоопкер болот?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер