Жылдыз Жолдошовага каршы капчыктуулар аттанууда


Саясатчы Жылдыз Жолдошова №8 Кара-Суу, Алай округунан Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюу ниетин билдирип, арыз бергени маалым. Бул боюнча коомчулукта колдоо маанайы байкалып, алкоолор айтылууда. Кызыгы, алдыртан оюндар башталдыбы, же тагдырдын тамашасыбы, айтор, Жылдыз эжеге каршы байлар атаандаш катары таптала баштаптыр. Сыягы капчыктуулар катар-катар чыгышса, ошону менен жыгууга белсенишкен кербездериби? Бирок азыр элдин табити, тандоосу өскөн эмеспи. Капчыктуулар канчалык ачылып-чачылышса да, акыры элдин элегинен өтүшөт. Шайлоочулар чындыкты айткан Жылдыз Жолдошованы колдошобу же байлардыбы? Убакыт көрсөтөт дечи. Эң кызыгы, шайлоо күнү свет өчүп, “сервер башкача иштеп” калбайбы? Дагы көп суроолор туулушу ыктымал. Эмесе, кылчайнашкан кызык күрөш алдыда окшойт...
"Азия Ньюс" гезити











