Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таштемир Айтбаев орду менен карыса, Феликс Кулов сынга кабылууда

Таштемир Айтбаев орду менен карыса, Феликс Кулов сынга кабылууда

16-октябрь, 21:32
825 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы кесиптештерин, ардагерлерди чогултту. Жакшы иш-чара өттү. Ал жагынан калет жок. Кеп башкада...

Жолугушуудагы жалпы түшкөн сүрөттө Камчыбек Ташиевдин оң жагында Таштемир Айтбаев, сол ыптасында Феликс Кулов турат. Экөө эзелки айыгышкан душмандар экенин саясый элитадагылар жакшы билишсе керек. Айталы, Аскар Акаев президент кезинде Феликс Куловго кылмыш иши козголуп, ооруканада жаткан жеринен Таштемир Айтбаев камакка алат. Агезде оппозициядагы “Темир генералдын” популярдуулугу артып турган. Аттиң! Негизи коомчулук саясатчылардын чыныгы жүздөрүн кеч билишет тура... 

Кийин 2005-жылкы төңкөрүштөн соң Феликс Кулов премьер-министр болуп, андагы УКМК төрагасы Таштемир Айтбаевдин (экинчи ирет дайындалган) айласын табуу менен алектенгенби? “Оңдой берди” демекчи, КурСалиевичтин режиминде Жаныш Бакиев ИИМ орун басарлыгына барууга амбициясы ойгонуп, бирок Феликс Куловдун кеңешинен улам УКМКнын күзөт башкармалыгын жетектеп калат. Интригалык оюндар ушул жерден башталыптыр. Жаныш Бакиев иш жүзүндө Таштемир Айтбаев менен келише албай (ага негиз түзүлүп), санаалашы Бусурманкул Табалдиевди анын ордуна дайындатат. Ошондо көшөгө артынан Феликс Кулов көксөгөнүнө жетип, эзелки каршылашын ээрден оодарып тынганын карабайсыңарбы!

Дагы бир кызык жагдай, Таштемир Айтбаев кызматтан алынар замат Рысбек Акматбаев Көк-Жар айылындагы мечиттин астынан атылып тынат. Экөөнүн мамилелери жакын, жадагалса катаган уруусунан экени белгилүү эмеспи.

“Жер тоголок” демекчи, береги карт генералдар кайрадан кезигишип, бири-бирин жаман көрүшсө да чогуу чай ичишип, жасалма учурашып жүргөн убактары. Калыстык үчүн айтканда, Таштемир Айтбаев өз орду менен жүрөт, карылыктын касиетин сактап (!) дегендей. Ал эми Феликс Кулов бийликтин кошоматчысы катары сынга кабылып, коомчулукка күлкү болуп жатканы жалганбы? Эрксизден жылмаясың да...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер