Акыркы кабарлар
» Саясат » Акылбек Жапаров Кочкор округунан фаворит катары чыгары айтылууда
Акылбек Жапаров Кочкор округунан фаворит катары чыгары айтылууда
11-сентябрь, 22:39


Аз күн мурда “Кочкор” коомундагы тыңчыкмалар чогулушуп, чай ичишиптир. Анабашы Акылбек Жапаров. Анан калгандары береги сүрөттөгүлөр экен. Азыр жөн эле чөптүн башы термелбейт эмеспи. Ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого фаворит катары Акылбек Жапаровду алып чыгышары айтпаса да түшүнүктүү болуп калды окшойт. Бул боюнча кеп тарап, аталган округдан үмүттөрүн үзгөндөр, же экинчи орунга чыгууну эңсегендер да жок эмес. Айтор бийликтин колдоосуна, миллиондоруна таянган Акылбек Жапаров алдыртан эле жеңишти камсыздап, добуш алып берүүгө чуркай тургандарды электен өткөрүп, бел байлап калгандай. “Чабал өрдөк мурда учат” дечү эле. Кочкор округунда башка таасирдүү деле талапкерлер чыкса керек...
"Азия Ньюс" гезити











