Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назарбаевдин саясый карьерасы Шекспирдин “Король Лириндей” аяктады...

Назарбаевдин саясый карьерасы Шекспирдин “Король Лириндей” аяктады...

11-январь, 18:29
1 144 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нуракенин саясый карьерасы Шекспирдин “Король Лириндей” аяктады. Король катары жашады жана иштеди: эгемен өлкөсүн көтөрдү, шаарларды, заводдорду, мектептерди, жолдорду курду. Айланасындагылардын баарын байытты, эли да коңшу өлкөлөрдүн калкына караганда жакшы жашашты. Бийликти шакиртине өткөрүп берип, эми гана карыган чагында “эс алайын” деди эле, ага коюшпады, ак сарайдагы интригалар элдин көкөйүнө тийди да, жасаган эмгектерин заматта четке чыгара коюшуп, “шал кет!” деп башташты. Жыйынтыгында, казактын “Король Лири” бийликтен, элдин урмат-сыйынан ажырап, жалгыз калды. 

Мындай күтүүсүз кадам эрки күчтүү, эч убакта сынбачудай көрүнгөн Нуракени тил-ооздон калтырды. Ааламга батчудай болгон таарыныч экс-президенттин жүрөгүнө орноду. Карыбай тургандай болгон жаштардын “Шал кет, шал кет!” деген кыйкырыгы карыган арстандын кулагына жаңырык сыяктуу угулуп, ансайын жаратын сыйрып турары анык. 

Ал бийликке элдин колу менен келди эле, бийликтен элдин колу менен кетти. Башкаруучу өз убагында канчалык жакшылык кылбасын, чыныгы ыраазычылыкты өлгөндөн кийин гана алат. 

Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат талдоочу
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер