Мектептер 50 пайыз эле китептер менен камсыз болсо, кайдагы билим алууну айтабыз?
Жаркыраган мектеп, сыр жыттанган парталар, күлкүлөрү жаңырып, жаңы китеп кабындагы боёгу кургай элек окуу китептерин ачуу, билимге ашыгуу... Жадыраган маанайдагы окуучулар, урмат-сыйга ээ мугалимдер шаттуу маанайда билим күнүн майрамдаган кез унутулган жылдардай эле 1-сентябрь менен кошо артта калды окшойт. Ошентип, 15-сентябрда бир жарым жылдык аралыктан окутуудан кийин балдар мектепке барат. Окуу жылы башталбай жатып көйгөйлөр чачтан көп экени ачыкка чыгууда. Өлкөбүздө окуу китептери жетишпейт. Мектептер болгону 50 пайыз эле китептер менен камсыз болгон. Колдо болгон ал китептер да эскирип, тамтыгы чыгып бүткөн. Айрылган, бырышкан, боёгу өчкөн китепти балдар көргүсү келбейт. Аны аныкташ үчүн психолог болуунун деле кажети жок. Биздин келечегибиз болгон балдар окуу китептеринин жаңыланбаганына нааразы болуп, ушундай көңүлү чөгүңкү маанайда окуу жылын баштап жатышат.
Бул көйгөйдү чечүү максатында өкмөттөн 29 миллион 195 миң 775 сом каражат бөлүнгөн. Эми аны билим берүү жана илим министрлиги сол чөнтөккө солоп жибербей туура пайдаланабы?..
"Азия Ньюс" гезити