Ахматбек Келдибеков миллиондорду уурдаганын Садыр Жапаровдун китеби тастыктайт
“Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” дейт. Ахматбек Келдибеков адатынча “Азия Ньюс” гезитин жана башкы редакторубуз Асланбек Сартбаевдин үстүнөн Октябрь райондук сотуна арыз жазып, 2 миллион сом өндүрүп алуу машакатына киришти. Кадыр-баркына шек келген имиш. А гезитте эмне деп жазылды эле? “Президент Садыр Жапаров убагында Ахматбек Келдибековдун “жегичтигин” шардана кылган. 2010-жылы “Ата Журт” партиясына казак туугандардан колдоо иретинде 3 миллион доллар келсе, аны Келдибеков “бүкүлү жутуп”, “сиңирип” кеткенин кантесиңер? Дал ушул фактыны Садыр Жапаров китебинде ачык эле жазган...” деп жазылган.
Бул алкакта Ахматбектин аброюна деле шек кеткен жок. Он бир жыл мурун эмес, Акаев доорунда деле “жеп жүргөнүн” ким танат?
Ал эми “Азия Ньюс” гезитин сотко бергени курулай жалаа, биз ал боюнча Садыр Жапаровдун китебиндеги аргументтерди негиздейбиз. Күбөлөр да чыгат...
"Азия Ньюс" гезити