Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Ош ШИИБ начальниги Д.Исаковдун бир тууганы оор кылмышка айыпталса, кызматтан кетиши керек го?
Ош ШИИБ начальниги Д.Исаковдун бир тууганы оор кылмышка айыпталса, кызматтан кетиши керек го?
16-декабрь, 19:37

Бишкек шаарына караштуу Октябрь райондук салык башкармалыгынын начальниги Абакиров Нурбек Жолочуевич ири коррупциялык ишке айыпталып, камакка алынды. Коомчулукта резонанс. Жоон топ кармалган салыкчылардын ичиндеги өзгөчө фигурант беле? Эмесе, олуттуу жагдайга токтололу. Бул кадрдын бир тууган агасы Исаков Дамирбек Жолочуевич Ош ШИИБ начальниги болуп отурса, мыйзам, моралдык жагы кантет? Абалардын арты менен жасалма түрдө карьералык секирик жасап, өзүнүкү аз келгенсип, инисин бакыйган кызматка койдурса, баа берилиши керек го? Эгерде бир тууганы оор кылмышка айыпталса, агасы күч органын жетектөөгө акысы барбы? Ырааттуулук, мыйзамдуулук тебелене береби? Айтор, олуттуу суроолорго акыйкат таризинде баа берели.
"Азия Ньюс" гезити