Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек Исаевдин үчүнчү ирет камалышында кандай сырлар бар?

Канатбек Исаевдин үчүнчү ирет камалышында кандай сырлар бар?

02-декабрь, 19:00
1 916 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жараткан күчтүү пендесине оор сыноолорду берет тура. Убактылуу келген жамандык, кашайган күндөрдүн артынан кубанычтуу ирмемдер, чоң ийгиликтер кайтары талашсыз. Андыктан, башка түшкөн мүшкүлдү татыктуу көтөрө билүү да маанилүү. Эсибизде, каарманыбыз ушуну менен үчүнчү ирет түрмөдө отурат. Чын эле бийликтин таасирдүү оппонентиби?

2017-жылы Канатбек Исаев президенттик шайлоонун астында камакка алынган. “Массалык башаламандык уюштуруу” беренесине шектелгени жадыбызда. Бирок убакыттын өтүшүнө карай мындай кине суу кечкен эмес. Кызыгы, 2022-жылы 23-октябрда ошол эле айыптоонун негизинде кайрадан кармалган. Ал эми 20-ноябрда “Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо” деген берене боюнча камалды. Канатбек Исаевди сотко алып келгенде кыскача ой-пикирин билдиргенин уктук. “Абсурд” деди. Көп нерсени өзү да түшүнө албай атканын кошумчалады. Демек, коомчулук билбеген кандай сырлар бар? Бийлик тараптан саясый талаадагы лидерлерди тазалоо эмеспи? Кийинки жылы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөрү каңкууланып келет. Ошого карата ой-чабытты жоромолдосок эп келеби? Аламандын астында Канатбек Исаевдин камакта жатышы саясый рейтингин көтөрүп, эл астында аброюн өстүрүп жибербейби? Мурда дагы эки жолу арзыбаган шылтоолор менен жапа чегип, бир канча айлап түрмөгө отуруп чыкса, эми үчүнчү жолкусу кандайча бааланат? Балким жеке өч алууларбы? Айтор, азырынча көп бүдөмүк жагдайлар ачылбай тургандай. Бирок саясый күрөштүн уланып жатканы байкалууда. Бул күндөр да өтөт. Кырдаалга карата анализи күчтүү эле... Акыры улуттук лидерге айланабы?  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер