Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Коронавирус илдетинен айыккан Мирбек Атабеков жубайы менен Түркияда дарыланууда
Коронавирус илдетинен айыккан Мирбек Атабеков жубайы менен Түркияда дарыланууда
23-март, 18:09


Ырчы Мирбек Атабеков жубайы Мээрим Төлөпберген менен биргеликте Түркиянын Стамбул шаарындагы клиникалардын биринде көрүнүп жатышат. Бул тууралуу ырчынын жубайы соцтармактагы баракчасына жарыялаган.
Маалым болгондой, жубайлар ден соолугун толук текшертүү үчүн Стамбулга кетишкен.
“Өзүңүздөр билгендей, биз бул клиникага ден соолугубузду толук текшерүүдөн өткөрүү үчүн ушуну менен экинчи жолу келип жатабыз. Бүгүнтөн баштап анализдерди тапшырып баштайбыз” дейт ырчынын жубайы.
Эске сала кетсек, пандемия Кыргызстанда күчөп турган 2020-жылдын жай айында Мирбек Атабеков да коронавирус илдети менен ооруп, катуу кыйналганын айткан. Кийинчерээк жубайы Мирбек Атабеков коронавирус илдетинин кесепетинен жөтөлдөн арыла албай жаткандыктан, жер которуп, убактылуу Америкага кетишкенин кабарлаган.










