Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “Бирөөнүн байпагын жууп, баласын тууп, анан төпөш жейсиң…”

Назира Айтбекова: “Бирөөнүн байпагын жууп, баласын тууп, анан төпөш жейсиң…”

20-март, 14:43
3 348 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Теле алып баруучу Назира Айтбекова жаңы ойлору менен бөлүштү.

"Укмуш махабат көлүнө батып, арзышып, бириңе-бириң оттой жанып жүрүп үйлөндүңөр да. Жыл өткөн сайын анан ошол сүйүүңөр сүрүлүп, жешилип, жедеп бүтөт. Аягында тамтыгы чыгып, талкаланып, кайра оңдоп-түзөөгө мүмкүн болбой калат. “Учурунда ушунун эмнесин сүйдүм экен?” деген ойго жетелетет. Анан биздикилер “Бала сүйүүгө өтүп кетет экен”, “Балдар үчүн жашайбыз”, “Эл эмне дейт, кокуй? Карыганда, балдар чоңоюп калганда жөн жашайлы” деген шылтоого өтүп жашашат. Чыңгыз менен Бүбүсара, Акмөөр менен Болот, Кишимжан менен Олжобай, Жеңижок менен Көксулуу ж.б. толгон-токой кыргыздын оозеки чыгармачылыгындагы бирине-бири жетпей, сүйүүнүн суусуну канбай, соңуна чыкпай калган махабаты кылымдар бою от болуп жанып, далай жанды жылытып келет эмеспи. “Эрди катын бирине-бири жеткенден кийин мамилеси күчөп, өмүр бою сүйүүсү өчпөй жашаптыр” деген чыгармалар эмнеге жок эй? Алыстан тааныганда, анда санда жолукканда, сагынышканда махабат дегениңдин майы чыгат турбайбы! Укмуш айга теңеп, жер-сууга тийгизбеген сүйгөнүң эле үйлөнгөндөн кийин тарсылдатып жел чыгарып, чалпактап тамак жеп, карт кекирип, катыр-кутур тырманып, ички кийими сүзүлүп, түйдөктөй кылып чач түйүлүп, тер жыттанып турса, көңүлүң айныбай эмне болуптур? Сүйлөшүп жүргөн кезде товарды сатуу үчүн бири-бирибизге укмуш тотукуштай жасанып, атыр себинип, дем алгандан коркуп, бутуңдун учу менен басып, назик жылмайып, демиңди чыгарбай тамак жейсиң го?! Эми суроо: Анда эмнеге үйлөнүшөт? Ошентип, өмүр бою эки жакта сүйүшүп жүрө берсе эмне болот? Үй-бүлө институту эмне үчүн керек? Бала энеси менен жашап, атасы менен жолугуп, убакыт өткөрүп турса, ата-энеси ыркырашып, согушуп, бирин-бири жек көрүп, көгала койдой сабагандын ордуна эки жакта эле жашап, укмуш сүйүп, романтикалык кечеде жолугуп, махабаттын укмуш ысык түндөрүн өткөзсө, бала аларды көрүп, эки эсе бактылуу чоңойбойбу? Кызганып, кызаңдап, бири-бирин дем алдырбай, жашоосуна кийлигишип, тизгиндеп, тизесине тепкилебей эле экөө эки жакта, эркиндикте, ар ким өз карьерасын жасаса, экөө тең өссө, билим алса кандай болот? Мен ойлонуп көрсөм, окуучу кезимде эле “Бирөөнүн байпагын жууп, тамагын жасап, баласын тууп, анан төпөш жеп, анда эрге тийгендин ырахаты кайда? Жок болсо, аял өзүн эмнеге тозокко түртөт? Мен чоңойсом, тийбейм!” дейт элем. Анткени өз үй-бүлөмдө, кошуна-колоңдо, тууган-урукта арак ичип келип, аялын сабаган, аялынын башын жарган мода болчу. Бактылуу үй-бүлө көрбөй чоңойдум. Эрге тийдим. Таяк жеген жокмун, бирок. Анан эрден чыктым. Эрге чыкмагың да азап, эрден чыкмагың да азап десең! Өзгөчө биздин коомдо! Биздин коомдо аял муктаж болгондо гана эрге тийет экен. Муктаж эместер жүрө берет. Аял билимдүү болсо, акча тапса, эркиндиктин даамын билсе, эрсиз деле жашап, бактылуу болуп, кемибей, тескерисинче толуп, жыргап жүрөт. Эркектер деле аялсыз жашай алат. Эрмешип, жашообузга кийлигишип, бири-бирибизди муунтуп, кыспай эле алыстан сүйүшсө эмне болот? Кээде ойлоном, үй-бүлөң деле жөн эле адамдар чыгарган эреже го!"


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер