Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кенже Дүйшеева: “Аппак гүл” ырларымдын эң жакыны...”

Кенже Дүйшеева: “Аппак гүл” ырларымдын эң жакыны...”

15-февраль, 17:28
2 638 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КРнын эмгек сиңирген артисти Кенже Дүйшеева “Аппак гүл” деп аталган жаңы клипти даярдап бүтүп, күйөрмандарына сунуштады. Бул тууралуу ырчы айым социалдык баракчасы аркылуу маалымдады.

“Аппак гүл" сиздер үчүн жаңырат. Клипке назарыңыздарды бурабыз. Чыгармачылыкта абдан көп ырларды аткарып жүрөм. Бирок менин да жүрөгүмө жакын жакшы көргөн ырларымдын жакыны ушул чыгарма. Башка ырларым таарынбасын, мен үчүн баары жакшы. Бир ырдын элге жетүүсүнө мен гана эмес, бир топ адамдардын мээнети, салымы да бар. Баарыңыздарга чоң ырахмат”,-деп жазды ырчы айым.

Кошумчалай кетсек, Кенже Дүйшеева кыргыз-шоу бизнесинде өзгөчө орду бар талантуу ырчы айымдардын бири. Учурда “Томирис” продюссердик борборунун директору, “Жебе” тобунун продюссери катары дагы иш алып барып келет.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер