Эмне үчүн “Бейиш эненин таманында” тасмасы талкуу жаратууда?
“Бейиш эненин таманында” тасмасы улуттук баалуулуктарга карама-каршы келбейби? Жаштарга тескери үлгү жаратпайбы?” деген собол таштадык.
Болотбек Таштаналиев:
-- Биринчиден, Руслан Акунга дааватчы катары эмес, таланттуу кинорежиссер деп ишенгим келет. Тасманын бетачарына молдокелер түгөл түрүлүп барып катышып, оозун толтуруп сүйлөштү, ал башка маселе. Ушундан улам, көрөрманда кино диний өңүттө деген ой калды. Анүстүнө бала энесин Меккеге алпаруу максаты да тасмада кызыл сызык менен жүрүп отурат. Бирок, мунун баары анын сырткы көрүнүшү гана. Фильмде айтайын деген ойдун “тузу” кинорежиссер баш каарман катары акыл-эси кем бала менен аны төрөгөн энени тандап алгандыгында. Кыргыз коомун эне деп алсак, биз соңку 30 жылда акыл-эси жарым муунду тарбиялап жатабыз. Бешиктен бели чыкпай, жаңы муун жеп-ичерлерди көрүп тарбия алып жатышат, тоңкочук аткандардын духунда тарбияланып жатат жаңы муун. Алар үчүн бейиш – бул акча. Динге баш-оту менен берилип кеткендер үчүн мекен эмес, Мекке ыйык. Акыл-эси кем адамдарга баары бир. Алар үчүн ыйык эч нерсе жок.
Гүлбара Төлөмүшова, кино сынчы:
-- Мен светтик адаммын, башкача айтканда, толук кандуу мусулман эмесмин. Тасманы көрүп аткан бир учурда намаз окуп, ажылыкка барып, орозо тутуп, толук кандуу мусулман болгум келди. Анткени, кинонун маңызы, андагы ислам дининин артыкчылыгы, жакшы жашоого үмүт арткан эне менен баланын алдыга койгон бир максаты менин жандүйнөмдү бийик нукка бургандай болду. Тасмадагы эненин балага, баланын энеге болгон сүйүүсү, баардык энелердин туңгуюкка кептелген учурда да адамдык бийик парасат, баалуулукту карманып калуу жагы көрсөтүлгөн.
Гүлзада Шаршеналиева, медиа-эксперт:
-- Тасмага башкача үмүт, өзгөчө күтүү менен барып алыптырмын. Ага жүрүп аткан маркетинг таасирин бердиби, же Руслан Акундун буга чейинки жараткан кинолорунан уламбы, айтор, "дээликкен таз демиңди бас" болдум окшойт. Улуттук баалуулуктарга карама-каршылыгын билбейм, бирок коомду диндештирүүгө таасирин тийгизет. Ала турган жакшы деле тараптары бар, өзгөчө балдар таза жана ишенчээк болору, аларга аяр мамиле жасоо зарылчылыгын мисал келтирсем болот. Куру намыска алдырып өзүңдү кыйноого салуунун кереги жоктугу. Бирок тасмада өзгөчө баланын тили менен "апа, бейишке, Меккеге барабызбы?" деп кечке кайталашы – бала энени жөө Меккеге алып барса бейиш кепилдиги берилет деген түшүнүк чагылдырылган. Негизи, өзүңдү таза, тыкан, ыймандуу алып жүрсөң, калп, ушак сүйлөбөсөң, ата-энеңдин ыраазычылыгын алсаң, ошол жетиштүү деген ойдомун. Ушул тасма тууралуу такыр эле үн каткым келген эмес эле. Купулума толгон жок. Жаштарга тескери үлгү жаратат.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити