Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлназ Чыныбек кызы: “Туулган күнүмдү шарактап өткөзгөн жокмун”

Гүлназ Чыныбек кызы: “Туулган күнүмдү шарактап өткөзгөн жокмун”

17-июль, 13:34
6 988 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күн дагы бүркөлдү, адамдын кабагындай, 

Турмушуң үзүлөөр алманын сабагындай. 

Кыргызым ыйлаба, күн тийер сага да,

Намыстуу эр чыгат, буюрса бактыңа.

Ыйлаба кыргызым, бөксөрбөйт ырысың,

Азап күндөн алып чыгат, буюрса уул-кызың! – Ушу саптар азыркы абалыбызга ылайык келип тургандай. Сыймык Бейшекеевдин сөзүнө, обонуна жазылган чыгарманы жаш ырчы айым Гүлназ Чыныбек кызы жаңылап аткарып чыкты.


-- Гүлназ, бул чыгарма менен карапайым элге дем берейин дедиңизби?

-- Кайрымдуулук менен алектенип жүргөнүмдө ар түрдүү үй-бүлөлөрдү көрдүм. Алты баласы бар бир бүлөгө туш болдум. Кенедей жерде өпчап жашашат экен. Жашоо шартын көрүп, аябай таасирленип келдим. Оор турмушта жашаган адамдар көп экен, улам бирин көрүп, көз жашым тыйылган жок. Жандүйнөм кыйналып турду. Буга чейин чоң энем “илгери нанга жетпеген күндөрүбүз болгон” деп айтып берчү. Анан оюмда “нанга жетпеген жашоо тээ алыста калган, азыр өнүккөн, жетишкен күндү көрүп атабыз” деп ойлочумун. Көрсө, жакыр жашагандар бизде азыр деле көп тура. Ушундан улам Сыймык Бейшекеевден уруксат сурап, “Ыйлаба кыргызым” деген ырды аткарып чыктым. Бир чети бул чыгарма менен азыркы ыктыярчы уул-кыздарыбызга дем бергим келди.

-- Өзүңүз азыр деле элге жардам берип атасызбы?

-- 5-июлда туулган күнүм болчу. Анан кайрымдуулук кылып жүргөн досторума кошулуп, ак халатчандарга бардык. Туулган күнүмдү шарактап акча коротуп өткөргүм келген жок. Ошол акчаны элге жумшайын дедим. Эртеси элдер “төрт балам менен ачка отурам, кыйналып атам” деген жүрөктү ооруткан каттарды жаза башташты. Элсом номер ачып, элден түшкөн акчаны кайра элге жумшап, ортодо көпүрө болуп атам. Азыр жардам сурагандар да, “жардам берем” дегендер да токтой элек. 200-500-1000 сомдон салгандардын акчасын чогултуп, кыйналган үй-бүлөлөргө бир жумага жеткидей болсо да азык-түлүк алып барып берип атам. 

-- Ак өргө кут болсун! Туулган күнүңүзгө жакшы белек болду окшойт?

-- Рахмат! Бишкек шаарынан 45 чарчы метр үй алдым. Буга чейин Казакстанда 4-5 жыл иштеп, Ош шаарынан эски сериядагы үйлөрдөн алгам. Кийин ырдап чыккандан соң акча чогултуп, ал үйдү сатып, жаңы үй алдым. Маңдай терим менен 6-7 жыл тынбай иштеген эмгегимдин акыбети кайтты. Учурда ак өргөмдө жашам атам. 

-- Баса, бийлеген видеоңуз социалдык тармакта талкуу жаратты окшойт? 

-- Эрлан Мамажанов менин чач боюнча стилистим менен клип тартуу учурунда бийлеп түшүп койгом. Кийин туулган күнүмдө Эрлан куттуктап социалдык тармакка  чыгарып койгон экен. Менин оюмча, талкуу кыла турган деле эч нерсе жок болчу ал жерде. Мен көчөдө узун өтүк, кыска юбка кийип жүрбөйм. Эл катары эле кийинем. Ал видеону чыгарып койгон Эрланга жиним келген жок, ар кайсы сайт укмуштуудай тема коюп, “кыска кийип, кыналышып бийлеп” деген тема коюп чыгаргандарына жиним келди. Ал карантинге чейин тартылган видео болчу, азыркы элдин маанайына туура келбей, кыжырын келтиргидей кылып бурмалап чыгарып койгондоруна ачууландым. Андай эле мени чыгаргылары келип атса, жасап аткан жакшы иштеримди айтып чыгышса болмок.  

-- “Тойлор көбөйүп кетти” деп атып, кесири тийип атат окшойт. Тойду сагындыңызбы?

-- Туура айтасыз, “той көбөйүп кетти” деп аттык эле Кудай пейлибизге жараша азыркы кыйынчылыкты берип атат окшойт. Ушу күндөр өтүп кетип, эртерээк мурдакы жашообузга кайтып барсак экен. Абдан сагындым ошол күндөрдү. Бирөөнүн жакшылыгынын үстүндө жүргөндөн өтөрү жок экен. “Той эле болуп турсун” деп тилеп калдык окшойт.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер